НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 27-апрели № 7
Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-беренесинин 1-пунктуна жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламенттинин 29-главасынын 29.1. жана 29.2. пунктарына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-беренесинин 1-пунктуна жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 29-главасынын 29.1 жана 29.2. пунктуна ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарлыгына «Республика- Ата-Журт» фракциясынан көрсөтүлгөн депутат Сопакунов Улан Моңолдорович сессияга катышкан депутаттардын бир добуштан колдоосуна ээ болгондуктан төраганын орун басарлыгына шайланды.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Ботоканов |