Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 27-апрели № 8
Нарын шаардык Кеңешинин «Биримдик» көпчүлүк коалициясынын жана Нарын шаардык мэриясынын сунуштарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 4-главасынын 4.4-бөлүмчөсүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы №329 токтому менен бекитилген «Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (сынактан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелерине» ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 4-главасынын 4.4-бөлүмчөсүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы №329 токтому менен бекитилген «Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (сынактан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелерине» ылайык, сессияга катышкан 28 депутаттын 19 добушуна ээ болгон «Кыргызстан» фракциясынан депутат Курманов Давид Усенбековичти Нарын шаарынын 1-вице мэри кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Ботоканов |