Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 1
Айыл өкмөттүн 2018-жылга карата бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча карап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн каралган бюджетинин 70111-бөлүгүнүн 22221100-статьясындагы Кара-Булуң айылына Миң-Булакка суу чыгаруу үчүн каралган 400миң сом акча каражаты 70111-бөлүгүнүн 31121290-статьясына Кара-Булуң айылына комбайн алууга элден өздүк салым чогулбагандыктан өздүк салымдын эсебинен төлөөгө каралсын.
2. Айыл өкмөтүнүн каралган бюджетинин 70111-бөлүгүнүн 31121290-статьясында трактор алуудан үнөмдөлгөн акча каражатынан 140миң сом акча каражаты 70111-бөлүгүнүн 31113290-статьясына Кызыл-Туу айылындагы эски кампаны капиталдык ремонт кылуу үчүн АРИСке жазылган долбоорго өздүк салым үчүн каралсын.
3. Айыл өкмөтүнүн каралган бюджетинин 70111-бөлүгүнүн 31121290-статьясында трактор алуудан үнөмдөлгөн акча каражатынан 100миң сом акча каражаты 70111-бөлүгүнүн 31113290-статьясына Ичке өрөөнүндөгү маданий жайыттарды калыбына келтирүү үчүн АРИСке жазылган долбоорго өздүк салым үчүн каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Ф.Токушевага милдеттендирилсин.
Төрага | Ш. Апысов |