Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 4
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 04.04.2017-жылдагы №63-б буйругунун жана Кара-Коюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 08.02.2018-жылдагы №20 буйруктарынын негизинде «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын чек араларын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызмамжердолбоор» долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Кара-Коюн айыл аймагынын Кызыл-Туу калктуу конушу 219гектарды, Кара-Булуң калктуу конушу 213 гектарды түзүп, калктуу конуштарынын чек аралар баяндамасына ылайык тактоодо жазылган сызык боюнча жалпы 432гектар жер аянты бекитилсин.
2. «Кыргызмамжердолбоор» долбоорлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Кара-Коюн айыл аймагынын калктуу конушунун жалпы жер аянтын аныктоо жана чек араларын тактоо жумуштары боюнча 31-май 2018-жылдагы жер участкасын жеринде изилдөө Актысы бекитилсин.
3. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Р.Таштановго тапшырылсын
Төрага | Ш. Апысов |