Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 7
Кара-Булуң айылындагы пайдаланууга жараксыз болгон эски мектептин 1-2 корпусун жана бала-бакчанын корпусун бузуу тууралуу карап талкуулап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булуң айылындагы эски мектептин 1-2-корпусу, бала-бакча жараксыз абалда болгондуктан жана бул обьектилердин ордуна жаңы административдик корпус, ФАП жана бала-бакча салууга карата демөөрчү чыгып жаткандыгына байланыштуу бузулсун.
2. Кара-Булуң айылындагы эски мектептин 1-2-корпусу, бала-бакчасы жараксыз абалда, бул обьектилерде иштөөгө болбой тугандыгы жөнүндөгү Ат-Башы райондук турак-жай комиссиясынын актысы, Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн чечими жана Кара-Булуң айылынын тургундарынын элдик жыйындын 2018-жылдын 29-майындагы №14 протоколу эске алынсын.
3. Бул обьектилерди бузууда чыккан жарактуу материалдарын жеринде эсепке алууга карата айыл тургундарынан, коомдук уюмдар мүчөлөрүнөн турган комиссия курамы түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Булуң айыл башчысы К.Мамбетовго тапшырылсын.
Төрага | Ш. Апысов |