ЫЛАЙ - ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кенешинин кезектеги VIII сессиясы (VIчакырылыш)
2018-жылдын 8-апрели № 8/1
Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган калктын малдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана жалпы эпизоотиялык абалды көзөмөлгө алуу, кара малдарды идентификациядан өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн жана ветеринардык сервистердин2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагында эпизоотиялык абалы, кара малдарды идентификациядан өткөрүү боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн мал чарбасы, ветеринария боюнча башкы адиси Б.Омошовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагындагы эпизоотиялык абалды жөнгө салуу, кара малдарды идентификациядан өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн жана ветеринардык сервистердин 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иши айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Ылай-Талаа айылынын аймагынын калкынын мал-жандыктарын сапаттуу вакцина менен эмдөө, кетирилген кемчиликтерди четтетүү жана малдан адамга жугуучу, малдардын арасында жугуштуу ооруулардын тарапкетпешине дайыма көзөмөл жүргүзүү, жолбун иттерди жок кылуу, кара малдарды идентификациялоо боюнча иштерди аягына чыгаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго, орун басары Ш.Бекиевгежана мал чарбасы, ветеринария боюнчабашкыадисиБ.Омошовгомилдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |