Загрузка документа…
ЫЛАЙ - ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели № 8/3.1
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 4-беренесине ылайык Ылай-Талаа айылдык Кенешинин депутаттарынын уюштуруу сесиясында жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында жана Ылай-Талаа айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйынын протоколдорунда көрсөтүлгөн 2018-жылга жайыт пайдалануучулардын мал-жандыктар үчүн жайыт пайдалануу тарифтерин бекитуу жөнүндө токтомун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин.
2. 2018-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөнүнөлчөмдөрү:
Ийри мүйүздүү -1 баш үчүн 40 сом,
Кой –эчкилер 1-баш үчүн 8 сом,
Жылкылар 1- баш үчүн 40 сом.
3. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн пайдалануу үчүн жайыт участоктор үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине багыттоо милдетти жүктөлсүн.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын бир айына 5000 ( беш мин) сом, эсепчисине 4000 ( төрт мин) сом , инспектор үчүн 4000 (търт мин) сом өлчөмүндө эмгек акылары бекитилсин.
5. Ылай-Талааа айыл өкмөтүнүн жайыт жердин аянты 11786 га пайдаланган жер аянтка жер салыгы 1 гаүчүн 5-52 сомдон бекитилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовго жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Б.Тоотаев) тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |