Редакцияот 18.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ - ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык Кенешинин кезектеги VIII сессиясы (VI чакырылыш)

 

2018-жылдын 18-апрели № 8/4.1

Ылай-Тала айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жерлерден алынуучу салыктын өлчөмүн, коэффициентин жана таштандыларды жыйноо төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” 377-статьясынын 6-пунктунун жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун негизинде Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси С. Эсеналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагында үлүштүк катыштагы айыл чарба багытындагы жерлеринин салыгы, коэффициенти жана таштандыларды жыйноо төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

а) 1 гектар сугат айдоо -232 сом Ки коэффициенти- 1,034 сом,

б) 1 гектар кайрак айдоо-100 сом Ки коэффициенти-1,034 сом,

в) 1 гектар чөп орунду -80 сом Ки коэффициенти- 1,034сом,

г) Таштанды жыйноо төлөмү -50 сом

2. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарба багытындагы жерлеринен алынуучу салыктарды жана таштандыларды жыйноо төлөмдөрүн бекитилген өлчөмдө 2018-жылдын 1-январынан баштап алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Баатыровго жана тиешелүү кызматкерлерге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин тиешелүү туруктуу комисияларыны тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Жолдошов