Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 93
Ош шаарынын биринчи вице-мэри Аскаров Замирбек Марипбаевичтин Ош шаарында инвестиция тартуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 17-ноябрындагы №4-токтомун жана сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Аскаров Замирбек Марипбаевичтин Ош шаарында инвестиция тартуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев)
-инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү ;
-шаардык мэрия тарабынан инвесторлорго түзүлүүчү жагымдуу шарттар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка маалымат берип туруу;
-2018-жылы ишкерлер ассоциациясынын катышуусу менен жергиликтүү жана чет элдик ишкерлерди инвестиция тартууга багытталган форум өткөрүү;
-шаарга инвестиция тартуу милдети жүктөлгөн түзүмдүн инвестиция тартуу боюнча жетишсиз иш аткарып жаткандыгы үчүн жоопкерчилигин карап чыгуу жана шаарга инвестиция тартуу иштерин камсыз кылуу милдеттендирилсин, ошондой эле инвесторлорго жеңилдик үчүн, органдар жана мекемелер тарабынан берилүүчү уруксат документтеринин бардык түрүн бир пункттан берүүнү уюштуруу сунушталсын.
3. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Астанакулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж. Ормонов |