Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 95
Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылга кабыл алынган иш-планына ылайык, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык менчикти пайдалануудан түшүүчү каражаттардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттыруу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2017-жылдын 2-ноябрындагы №27-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.Семетеевдин Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык менчикти пайдалануудан түшүүчү каражаттардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттыруу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев):
- Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги обьекттерди эффективдүү пайдалануу менен 2017-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча план-тапшырмаларды толук көлөмдө аткаруу;
- Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн арттыруу боюнча Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөргө анализ жүргүзүп, Ош шаардык Кеңешине сунуш берүү;
- муниципалдык мүлк жана жер тилкелерин каттоо үчүн мамлекеттик акт алуу иштерин, муниципалдык обьекттерди инвентаризациялоо жана муниципалдык обьекттердин реестрин жаңылоо иштерин тездетүү;
- 2018-жылдын I кварталына чейин Ош шаарынын жашоочуларына шаарда бош жаткан муниципалдык обьекттер жана конкурс аркылуу ижарага берилүүчү муниципалдык жерлер боюнча кеңири маалыматтарды жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жана сайттар аркылуу жарыялоо менен конкурстун ачык-айкын өтүүсүн камсыздоо;
- Ош шаарынын көчөлөрүндөгү мыйзамсыз курулган соода түйүндөрүн алуу жана иретке келтирүү боюнча жүрүп жаткан иштерди күчөтүү;
- «Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасына унаалардын кирүүсүн көзөзөмөлдөөчү тосмо (шлагбаум) орнотуу маселесин көзөмөлгө алуу;
- Ош шаарынын парктарында жана скверлеринде жайгашкан соода сатык жайларын иретке келтирип, Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты аркылуу алынуучу ижара акысын Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүcүн камсыз кылуу милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрагасы | Ж. Ормонов |