Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 100
«Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын директору Д.Кокочоровдун калк тарабынан чыгарылган саркынды сууларга алынуучу төлөмдөрдүн тарифин өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 31-октябрындагы №629/08-13 катын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы №19-«Ошгорводоканал» муниципалдык ишканасынын калкка суу саркындыларын тазалоо жана чыгаруу боюнча акы алып кызмат көрсөтүүнүн наркын макулдашуу жөнүндө» буйругун жана Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2017-жылдын 9-ноябрындагы №36-токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында калк тарабынан чыгарылган саркынды сууларды кабыл алуу жана тазалоого алынуучу төлөм 1м3 үчүн 2 сом 90 тыйын өлчөмүндө бекитилсин:
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-майындагы №226- «Ичүүчү сууга жана саркынды сууларды агызуудан алынуучу төлөмдөрдүн тарифтерин өзгөртүү жөнүндө» токтомунун №1-тиркемесинин 3,4,5-пунктары күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б. Шоноев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |