Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 104
Ош шаарынын мэриясынын «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча комиссиясынын 2017-жылдын 26-октябрындагы №2 протоколун, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 13-ноябрындагы «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү №29 токтомун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобосуна ылайык, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 26-декабрындагы №2 протоколунун негизинде, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |