Загрузка документа…
КАРА -ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кенешинин VI – чакырылышынын кезектеги XVI - сессиясы
2018-жылдын 17-апрели № 4
Кара-Таш айыл өкмөтүндө 2018-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын иштелип чыгылган долбоор депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык депутаттардын Кара-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин 2018-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгынан “Ноокат Билимканасы лицейинин” спорт залынын имаратын куруу үчүн тиешелүү иш-кагаздарын даярдоого 220,0 (Эки жүз жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. 2018-жылга Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин 2018-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгынан 30,0 (Отуз миң) сом “Нойгут” орто мектебине вентиляция жасатууга, 20,0 (Жыйырма миң) сом “Чечме-Сай” орто мектебине видео көзөмөл койуу үчүн ажыратылып берилсин.
4. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара-Таш айыл Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |