Редакцияот 17.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА -ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Таш айыл кенешинин VI – чакырылышынын кезектеги XVI - сессиясы

 

2018-жылдын 17-апрели № 5

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин, дагы башка турак жай жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн чыгашалары, айыл аймагына ветсервис куруу жана аймактык тартип сакчыларына видео көзөмөл орнотуу, жаны конуштарга электр мамычаларын сатып алуу жөнүндө

 

Кара-Таш аймагындагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында АРИС,айылдык кеңеш,айыл өкмөтү” жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосунда алкактык келишим түзүлүп,”Кара-Таш айыл аймагына ветсервис куруу” долбоору ишке ашып,айыл өкмөтүнүн накталай салымы 249215 (Эки жүз он төрт миң) сомду түзгөн. 2018-жылдын 1-январына айыл өкмөтүнүн накталай салымынын калдыгы депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык Кара-Таш айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кара-Таш аймагындагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунуна, айыл өкмөтүнүн накталай салымынын калган калдыгы үчүн 132135 (Бир жүз отуз эки миң бир жүз отуз беш) ажыратылып берилсин.

2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кара-Таш аймагындагы аймактык тартип сакчыларына видео көзөмөл орнотуу үчүн 25,0 (жыйырма беш миң) сом акча каржаты ажыратылып берилсин

3. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жаны конуштарына электр мамычаларын алып, орнотууга жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1200,0(бир милион эки жуз мин)сом ажыратылып берилсин

4. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин

5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара- Таш айыл кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Джаныбаев