Редакцияот 17.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА -ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Таш айыл кенешинин VI – чакырылышынын кезектеги XVI - сессиясы

 

2018-жылдын 17-апрели № 7

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн чыгашалары, жаңы ачылып жаткан “Пазилат-Апа“ балдар бакчасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Кара-Таш айыл өкмөтүндө 2018-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгын иштелип чыгылган долбоор депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык депутаттардын Кара-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылга Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин 2018-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыгынан жаңы ачылып жаткан “Пазилат-Апа“ балдар бакчасына керектүү эмеректерди алуу үчүн 100,0 (Бир жүз миң) сом.

2. “Пазилат-Апа“ балдар бакчасы жаңы ачылып жатканына байланыштуу, колдоо көрсөтүү максатында, 2018-жылга төлөнүүчү ижара акысы үчүн 40,0 (Кырк миң) сом акча каражаты таза суу киргизүүгө ажыратылып берилсин.

3. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кара- Таш айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Джаныбаев