Загрузка документа…
КАРА -ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кенешинин VI – чакырылышынын кезектеги XVI - сессиясы
2018-жылдын 17-апрели № 9
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2017-жылы акча каражаты ажыратылып “Нойгут” орто мектебинин ашканасы курулуп толугу менен бүтпөй калган. Кара-Таш айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык Кара-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Кара-Таш аймагындагы “Нойгут” орто мектебинин ашканасын толугу менен бүткөрүү үчүн 600,0 (Алты жүз мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы ара-Таш айылк Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |