Загрузка документа…
КАРА -ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кенешинин VI – чакырылышынын кезектеги XVI - сессиясы
2018-жылдын 17-апрели № 10
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай участкасынын тургуну М.Р.Акмаматовдун 2018-жылдын 04-апрелиндеги №А/7 - арызынын жана айыл тургундарынын чогулушунун № 2-протоколун карап чыгып жана талкуулап Кара-Таш айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай участкасынын тургуну М.Р.Акмаматовдун 2018-жылдын 04-апрелиндеги №А/7 – арызы канааттандырылып жана айыл тургундарынын чогулушунун № 2-протоколу кубатталсын.
2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Чечме-Сай участкасында жайгашкан Мазардын түндүк жагындагы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу “Раимбердиев Эшбайдын” аты ыйгарылсын деп бекитилсин.
3. Керектүү иш кагаздары тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин укук, регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Джаныбаев |