КАРА -ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кенешинин VI – чакырылышынын кезектеги XVI - сессиясы
2018-жылдын 17-апрели № 13
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин башка категорияларга таандык болбогон экономикалык бөлүмүнүн чыгашалары, “Таза Суу” долбооруна акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кара-Таш аймагындагы “Таза Суу” долбоорунун алкагында MSDSP KG коомдук фонду, айылдык кеңеш, айыл өкмөтү тарабынан макулдашылып, “Кара-Таш айыл аймагын таза суу менен камсыз кылуу” долбоору ишке ашып, айыл өкмөтүнүн накталай салымы депутаттардын Кара-Таш айыл кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык Кара-Таш айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен “Кара-Таш айылын таза суу менен камсыз кылуу” долбооруна айыл өкмөтүнүн накталай салымы үчүн 1 000 000 (Бир миллион) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Бөлүнгөң акча каражатын каржылоо жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара-Таш айыл кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |