КАРА -ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айыл кенешинин VI – чакырылышынын кезектеги XVI - сессиясы
2018-жылдын 17-апрели № 14
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин дагы башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн чыгашаларынан, Маданият сарайлары жана клубдар бөлүмүнө акча каражатын жылдырып (которуп) берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын каржы министирлигинин алдындагы демберүүчү (түрткү берүүчү) үлүштүк гранттардын механизимин ишке ашыруу боюнча жумушчу тобу иш алып барган.2017-жылдын 18-декабрь айында депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин кезектеги 11-сессиясында 2018-жылдын бюджети бекитилген учурда демберүүчү (түрткү берүүчү) үлүштүк гранттардын жыйынтыгы белгисиз болгонуна байланышту,тиешелүү акча каражаты Маданият сарайлары жана клубдар бөлүмүнө отургузулбай калгандыктан, Кара-Таш айыл кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык Кара-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин дагы башка турак- жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн чыгашаларынын 3111 статьясынан 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты, Маданият сарайлары жана клубдар бөлүмүнүн 3111 статьясына жылдырып (которуп)берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын жылдырып (которуп) берүү жагы Кыргыз республикасынын финансы министирлигинин Ноокат башкармалыгынан суралсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо,токтомду аткаруу жагы Айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара- Таш айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Джаныбаев |