Сравнение редакций…
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 67 токтомуна 1-тиркеме |
Муниципалдык турак жай фондун пайдалануу жана берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ылайык ушул Жобо бардык муниципалдык ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн милдеттүү болгон турак жай шарттарын жакшыртууга жана турак жайларды берүүгө жана менчиктештирүүгө муктаж болгон жарандарды эсепке алуунун бирдиктүү тартибин аныктайт.
Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
муниципалдык турак жай фонду - Кыргыз Республикасынын турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандары үчүн ушул Жобо тарабынан аныкталган тартипте муниципалдык менчикте турган турак үйлөрдүн жана башка турак жайлардын жыйындысы;
ыйгарым укуктуу орган - муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө укуктары ыйгарылган Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүгү;
кызматтык турак жай фонду - муниципалдык кызматчылардын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин кызматкерлеринин турак жай шарттарын жакшыртууга арналган муниципалдык менчиктеги турак жайлардын жыйындысы;
жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдар - Бишкек шаарынын тийиштүү администрациялык райондорунун аймактарында жарандарды эсепке алууну жүргүзүүчү Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондору боюнча аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү.
2. Турак жай алуу тизмесине эсепке Бишкек шаарынын аймагында үч жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары алынат.
3. Жарандарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын алдында турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча комиссиялар түзүлөт. Комиссиянын курамы жана анын иштөө тартиби Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү буйругу менен бекитилет.
4. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, эсепке алуунун тууралыгы үчүн жоопкерчиликти жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери тартат.
5. Турак жайларды бөлүштүрүү кезектүүлүккө ылайык, ыйгарым укуктуу органдардын сунушу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат.
6. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарды эсепке алуунун, каттоодон алуунун жана жарандарга турак жайларды берүүнүн бекитилген тартибинин бузулганына, турак жайларга жана турак үйлөргө жайгашуунун бекитилген тартиптеринин сакталбашына күнөөлүү тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
7. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандар деп Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген жарандар таанылат.
2. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарды эсепке алуунун тартиби
8. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жашаган жери боюнча жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Биринчи кезекте турак жайларды алууга укугу бар жарандар өзүнчө тизмелерде эсепке алынат. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебине алынган жарандардын тизмеси ар жыл сайын такталууга жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын расмий булактары аркылуу жарыяланууга тийиш.
10. Негизсиз себептер менен өзүнүн турак жай шарттарын начарлаткан, ошондой эле өздүк менчик укугунда аларга тиешелүү, жашаганга жарактуу турак үйдү (үйдүн бөлүгүн) же батирди (батирдин бөлүгүн) ээликтен ажыраткан жарандар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жаран катары эсепке турак жай шарттары начарлаган же ээликтен ажыратылган мезгилден беш жыл өткөндөн кийин коюлат.
11. Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаган жарандар жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга аларды турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондордун эсебине алуу жөнүндө тиешелүү арыз беришет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
жашаган жериндеги тийиштүү уюм тарабынан (райондун калкын каттоо бөлүмү, муниципалдык аймактык башкармалык) берилген үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат;
жарандардын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке менчик укугуна тийиштүү болгон жашоого жарактуу турак үйдүн (анын бөлүгү) же батирдин (батирдин бөлүгү) бар же жок экендиги жөнүндө Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органынан маалымкат;
№ 1 формасы;
турак жай шарттарын изилдөө актысы;
инсандыгын тастыктаган документтер;
паспорттун көчүрмөсү (жубайынын);
никеси жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
балдардын төрөлгөндүгү жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү;
жарандын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген категориясын тастыктаган документтер.
Арыз белгиленген формада жүргүзүлүүчү, турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын арыздарын каттоо китебинде катталат.
12. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарды эсепке алуу жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн баштап, бир айдын ичинде каралат.
Турак жайларды берүүнүн кезектүүлүгү эсепке алынган убактысы боюнча аныкталат.
Кабыл алынган чечим жаранга жазуу жүзүндө билдирилет.
13. Эсепке кабыл алынган жарандар Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарды эсепке алуу китебине киргизилет.
14. Жарандарды эсепке алуу китеби боо өткөрүлүп байланат жана эсепке алган органдын мөөрү басылат жана жарандарды эсепке алууну туура жүргүзүү үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Эсепке алуу китебинде оңдоолорго жана өчүрүүлөргө жол берилбейт.
15. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жаранды эсепке алуу китебине киргизилген жарандардын ар бир арызына бардык керектүү документтер сакталган эсепке алуу делосу жүргүзүлөт. Иштин номуру эсепке алуу китебинин номуруна дал келет.
16. Эсепке алуу делосу жана эсепке алуу китеби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте сакталат.
17. Жарандар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинен төмөнкү учурларда алынат:
1) турак жай шарттарын жакшыртууга укук берген негиз жоголгондо;
2) башка калктуу конушка туруктуу жашоого кеткенде;
3) пенсияга чыкканына, мөөнөттүү аскер кызматына чакырылганына байланыштуу иштен бошотулган учурлардан тышкары, жаран эсепте турган уюм менен эмгек келишими токтотулганда;
4) жаран турак жай шарттарын жакшыртуу муктаждыгы жөнүндө чындыкка дал келбеген маалыматтарды бергенде же эсепке алуу жөнүндө маселени чечүүдө кызмат адамдары тарабынан укук ченемсиз аракеттер жасалганда;
5) беш жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратууга соттолсо;
6) эсепте турган жери боюнча эсептен чыгаруу жөнүндө арыз берсе.
18. Жарандар эсепке коюу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу орган тарабынан эсептен чыгарылат.
Чыгарылган чечим жөнүндө жаранга жазуу жүзүндө билдирилет.
Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинде турган жаран башка жерге туруктуу жашаганга кетсе же каза болсо, эгерде анын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп таануу үчүн негиздер жоюлбаса, анын ордуна анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири эсепке коюлат. Мында үй-бүлө мүчөсү ушул уюмда иштеген учурда гана иштеген жери боюнча эсепке коюлат, ал эми эсепте турган жаран өндүрүштөгү кырсыктын же кесиптик оорунун натыйжасында каза болгон учурда, үй-бүлө мүчөсү анын иштеген жерине карабастан эсепке алынат.
19. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу абалын контролдоо уюмдарда профессионалдык бирликтердин тиешелүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
20. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарында турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу абалын контролдоо белгиленген орган тарабынан профессионалдык бирликтер менен бирдикте жүзөгө ашырылат.
3. Турак жайларды жарандарга берүүнүн кезектүүлүгү
21. Турак жай кезексиз жана биринчи кезекте турак жай алууга укуктуу болгон жарандардан тышкары, жашоо шарттарын жакшыртууга муктаж болуп эсепте турган жарандарга жалпы кезек тартибинде жана Бишкек шаарынын аймагында эксплуатацияга киргизилген жана бошотулуп жаткан турак жайдын көлөмүнө жараша берилет.
22. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарга турак жайларды берүү кезектүүлүгүн тактоо жыл сайын жүргүзүлөт.
Кезектүүлүк төмөндөгүдөй аныкталат:
жашаган жери боюнча эсепке алынган жарандарга карата жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан;
иштеген жери боюнча каттоого алынган жарандарга карата ыйгарым укуктуу орган тарабынан.
23. Турак жайларды биринчи кезекте жана кезексиз берүү.
1. Турак жайлар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын төмөнкү категорияларына кезексиз берилет: жетим балдарга жана ата-энелеринин кароосусуз калган балдарга, жетим балдардын жана ата-энелеринин кароосусуз калган балдардын ичинен - алардын билим берүү же башка мекемелерде болуусу аяктаганда, анын ичинде социалдык жактан тейлөө мекемелеринде, асырап алган үй-бүлөлөрдө, үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүндө болуусу аяктаганда, камкордук (көзөмөлчүлүк) токтотулганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө аяктаганда же эркиндигинен ажыратуу жайларынан келгенде.
2. Турак жай менен төмөндөгү категориядагы жарандар биринчи кезекте камсыз кылынат:
1) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары жана курман болгондордун же дайынсыз жоголгон аскерлердин (партизандардын) үй-бүлөлөрү жана белгиленген тартипте аларга теңештирилген адамдар;
2) Советтер Союзунун Баатырлары, Социалисттик Эмгектин Баатырлары, ошондой эле Даңк, Эмгек Даңкы ордендери, "СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө Мекенге кызматы үчүн" орденинин бардык үч даражасы менен сыйлангандар;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген оорулардын тизмесинде көрсөтүлгөн кээ бир өнөкөт оорулардын оор формаларынан жабыр тарткан адамдар;
4) граждандык жана Улуу Ата Мекендик согуштардын мезгилинде жана СССРди коргоо боюнча башка аскердик операциялардын убагында кызмат кылып жаткан армиянын курамында болгон адамдар, граждандык жана Улуу Ата Мекендик согуштун партизандары, ошондой эле СССРди коргоо боюнча аскердик операцияларга катышкан башка адамдар;
5) жалпы оорунун кесепетинен, эмгектен же кесиптик оорудан жабыркаган I жана II топтордогу майыптар жана аскер кызматчыларынын ичинен I жана II топтордогу майыптар;
6) аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда, адамдын өмүрүн, коомдук мүлктү сактап калуу боюнча жарандык парзды аткарууда курман болгон адамдардын үй-бүлөлөрү;
7) "Баатыр-эне" наамы ыйгарылган энелер, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөр;
8) 1986-1987-жылдары бөлүп коюлган зонанын чегинде Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан же ушул мезгилде Чернобыль АЭСинде эксплуатациялоо же башка жумуштарда иштеген (анын ичинде убактылуу жиберилген же жөнөтүлгөн) адамдар, ошондой эле атайын жыйындарга чакырылган жана ушул мезгилде дислокацияланган жерине жана аткарган жумуштарына карабастан, көрсөтүлгөн авариянын кесепеттерин жоюуга байланышкан жумуштарды аткарууга тартылган аскер кызматчылары жана аскерге милдеттүүлөр, ошондой эле 1986-1987-жылдары бөлүнүп коюлган зонада кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
9) муниципалдык турак жай фондунун бузулуп салынышы керек турак жайларында жашаган адамдар;
10) урап калышы мүмкүн болгон муниципалдык турак жай фондунун турак жайларында жашаган адамдар;
11) аскердик кызматын аткаруудан камдык курамга же отставкага кеткен жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган (аскер шаарчаларынан чыгарылган) аскер кызматкерлери.
4. Турак жайларды берүү тартиби
24. Муниципалдык менчикте турган турак жайды берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан он жылдык мөөнөткө акысын төлөп мөөнөттүү пайдаланууга берүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
25. Ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде белгиленген учурларда, муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайлар Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине берилет.
26. Жарандарга жашоо үчүн берилүүчү турак жай Бишкек шаарынын шарттарына жараша абатталып, белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бериши керек.
27. Авариялык жана эски үйлөрдө, барактарда, жертөлөлөрдө жана башка, жашоого ылайыкташтырылбаган курулуштарда, ошондой эле бузулушу, капиталдык оңдолушу же турак эмес жайга которулушу керек үйлөрдө бошогон турак жайларды берүүгө жол берилбейт.
28. Турак жайды берүүдө жубайлардан башка тогуз жаштан жогору эки башка жыныстагы адамдарды бир бөлмөгө жайгаштырууга жол берилбейт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, улгайгандарга, жүрөк-кан тамыр оорусуна жана башка оор илдетке чалдыккандарга турак жайлар алардын каалоосун эске алуу менен төмөнкү кабаттардан же лифти бар үйлөрдөн берилет.
Берилүүчү турак жайдын өлчөмүн аныктоодо үй-бүлөдө кош бойлуу аялдын бар-жогу эске алынат.
29. Адамды аны менен чогуу жашаган адамдар менен бирге турак жайдан чыгаруу соттун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
30. Муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндө бошотулган (өлгөндөн ээсиз калган, бошогон) турак жайларды ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берет.
31. Жарандардын Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж катары эсепте туруу укугу алар муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндө мүлктүк жалдоо келишимдери боюнча турак жайларды алганча же аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эсептен чыгаруунун негиздери аныкталмайынча сакталат.
32. Муниципалдык менчикте турган турак жайды берүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
33. Турак жайды ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси тарабынан белгиленген тартипте берилген мүлктүк жалдоо келишимине ылайык пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарды эске алуу менен турак жайды мүлктүк жалдоо келишимине ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Кызматтык турак жайларды берүү жана пайдалануу тартиби
34. Эгерде кызматкердин жалпы эмгек стажы жыйындысында 15 жылдан кем эмес болсо, турак жай ыйгарым укуктуу органдын чечими менен кызматтык турак жайлардын эсебине киргизилет жана чыгарылат.
341. Ушул жобо күчүнө киргенге чейин берилген кызматтык жай муниципалдык турак жай фондунун көрсөтүүсү боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде киргизилген ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен кызматтык турак жайдын ичинен төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:
спорт чөйрөсүндөгү жетишкендиктер үчүн кызматтык турак жай катары муниципалдык турак жай фондунун турак жайын алган жактар жашаган учурда;
расмий жазуу жүзүндөгү күбөлүк (сертификат) боюнча кызматтык турак жай катары муниципалдык турак жай фондунун турак жайын алган жактар жашаган учурда.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Кызматтык турак жайлар Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюмдары, ишканалары же мекемелери менен эмгектик мамиледе турган кызматтык турак жай алууга муктаж болгон жарандарды киргизүү үчүн багышталат.
36. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюмдарынын, ишканаларынын же мекемелеринин администрациясы жана профсоюздук комитети ыйгарым укуктуу органга өтүнүч кат берет.
37. Ыйгарым укуктуу орган өтүнүч каттын негиздүүлүгүн карап чыгат жана белгиленген тартипте кызматтык турак жайды берүү жөнүндө маселени чечет.
38. Ыйгарым укуктуу орган Бишкек шаарынын мэриясынын чечимине ылайык мүлктүк жалдоо келишими боюнча кызматтык жайды убактылуу колдонууга берет.
39. Кызматтык турак жайларда жашаган жарандарга турак жайларды брондоого, алмаштырууга (анын ичинде кызматтык турак жайларга), бул жайларды кайра жалдоого берүүгө уруксат берилбейт, жалдоочунун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн талабы боюнча жалдоо келишимин өзгөртүүгө жол берилбейт.
40. Кызматтык турак жай алган адамдын үй-бүлө мүчөлөрү бул турак жайды өз алдынча пайдалануу укугун алышпайт.
41. Муниципалдык кызматтык турак жайларда жашаган адамдар жашагандыгы, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдү өз убагында төлөөгө жана мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарын аткарууга милдеттүү.
411. Кызматтык турак жайда жашаган жана 34-1-пунктта көрсөтүлгөн категорияга тиешеси бар кызматтык жактын ичинен турак жайды алып салуу үчүн ыйгарым укуктуу органга бул жактын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде башка турак жайынын жоктугун, ошондой эле акыркы беш жыл ичинде бул жак жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан кыймылсыз мүлктү ажыратуу боюнча бүтүмдөрдүн жоктугун тастыктоочу документтерин тиркөө менен тийиштүү арыз берилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эмгек мамилесин токтоткон кызматкерлер муниципалдык кызматтык турак жайдан башка турак жай берилбестен, алар менен жашаган бардык адамдар менен кошо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгарылат.
43. Эгерде кызматтык турак жай жеңилгис күчтүн аракетинин натыйжасында жашаганга жараксыз болуп калса, жалдоого берүүчү жалдоочуга башка турак жай берүүгө укуктуу.
6. Мүлктүк жалдоо келишимин жол-жоболоштуруу тартиби
44. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жайды берүү жөнүндөгү чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган берилген турак жайга киргизүү үчүн жалгыз негиз болуп эсептелген жалдоочу менен мүлктүк жалдоо келишимин түзөт.
45. Муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдалануу мүлктүк жалдоо келишимине ылайык жүзөгө ашырылат.
46. Мүлктүк жалдоо келишими ыйгарым укуктуу орган тарабынан иш жүзүндө бош турган турак жайга гана түзүлөт, ал эми жаңыдан курулган үйлөргө кабыл алуу комиссиясынын актысы болгон учурда түзүлөт.
47. Мүлктүк жалдоо келишимин түзүүдө төмөндөгүлөр милдеттүү түрдө көрсөтүлөт:
бардык бойго жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн паспорттору же паспорттун ордун басуучу башка документтери же бардык бойго жете элек үй-бүлө мүчөлөрүнө туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү;
муниципалдык турак жайды жалдоочу жергиликтүү башкаруу бийлигинин аткаруу органынын тиешелүү буйругуна кол коюлгандан кийин 30 күндүн ичинде мүлктүк жалдоо келишимин түзүүгө жана андан кийинки мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.
48. Бөлмөнүн бир бөлүгү же башка бөлмө менен бир кире бериш аркылуу байланышкан бөлмө (чектеш бөлмөлөр), ошондой эле кошумча жайлар (ашкана, коридорлор, буюм-тайым сактоочу бөлмөлөр ж.б.) мүлктүк жалдоо келишиминин объектиси боло албайт.
7. Турак жайды турак эмес жайга жана турак эмес жайды турак жайга которуунун тартиби жана шарттары
49. Турак жайды турак эмес жайга жана турак эмес жайды турак жайга которууга Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын эске алуу менен жол берилет.
50. Эгерде турак эмес жай белгиленген талаптарга жооп бербесе же мындай жайларды белгиленген талаптарга туура келишин камсыздоого мүмкүнчүлүк болбосо, же мындай жайга менчик укугу кандайдыр бир жактардын укуктары менен чектелсе, турак эмес жайды турак жайга которууга жол берилбейт.
51. Турак жайды турак эмес жайга жана турак эмес жайды турак жайга которуу ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
52. Турак жайды турак эмес жайга жана турак эмес жайды турак жайга которуу үчүн тийиштүү жайдын пайдалануучусу же анын ыйгарым укук берилген адамы (мындан ары - арыз берүүчү) которулуучу жайдын жайгашкан орду боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү берет:
жайды которуу жөнүндө арызды;
которулуучу жайга укук белгилөөчү документтерди (нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр);
техникалык баяндалышы менен которулуучу жайдын планы (которулуучу жай турак жай болгон учурда мындай турак жайдын техникалык паспорту);
которулуучу жайды кайра куруунун жана (же) кайра пландоонун белгиленген тартипте даярдалган жана жол-жоболоштурулган долбоору (мындай жайды турак жай же турак эмес жай катары пайдаланууну камсыздоо үчүн кайра куруу жана (же) кайра пландоо талап кылынган учурда);
кабыл алуу комиссиясынын актысы.
53. Жайды которуу же которуудан баш тартуу жөнүндө чечим документтерди берген күндөн тартып, бир айлык мөөнөттөн кеч эмес убакытта карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
54. Которулуучу жайды кайра куруу, жана (же) кайра пландоо, жана (же) мындай жайды турак жай же турак эмес жай катары пайдаланууну камсыздоо үчүн башка жумуштарды жүргүзүүдө чечим аларды жүргүзүү жөнүндө талапты, эгер башка жумуштарды жүргүзүү зарыл болсо, алардын тизмесин камтыйт.
55. Ыйгарым укуктуу органдын чечими жайларды которуунун аякташын тастыктайт жана эгер мындай пайдалануу үчүн аны кайра куруу жана (же) кайра пландоо жана (же) башка жумуштарды жүргүзүү талап кылынбаса, турак жай жана турак эмес жай катары жайды пайдалануунун негизи болуп эсептелет.
56. Эгерде турак же турак эмес жай катары жайды пайдалануу үчүн аны кайра куруу жана (же) кайра пландоо жана (же) башка жумуштарды жүргүзүү талап кылынса, ыйгарым укуктуу органдын чечими арыз ээси тарабынан берилген кайра куруу жана (же) кайра пландоо долбоорун эсепке алуу менен кайра куруу жана (же) кайра пландоо жүргүзүү үчүн негиз болуп эсептелет.
57. Жайды которгондон кийин, аны турак же турак эмес жай катары пайдаланууда өрт коопсуздугунун, санитардык-гигиеналык, экологиялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптар, анын ичинде көп батирлүү үйлөрдөгү турак эмес жайларды пайдаланууга болгон талаптар сакталууга тийиш.
58. Турак жайды турак эмес жайга же турак эмес жайды турак жайга которуудан баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:
арыз ээси берүүгө милдеттүү болгон тийиштүү документтер берилбесе;
документтер тиешелүү эмес органга берилсе;
жайды которуунун каралган шарттары аткарылбаса;
турак жайды кайра куруу жана (же) кайра пландоо долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе.
59. Жайларды турак же турак эмес жайга которуудан баш тартуу жөнүндө чечим сөзсүз түрдө баш тартуунун негизи болгон бузууларга шилтемени камтыш керек.
60. Жайларды которуудан баш тартуу жөнүндө чечим, арыз ээсине ошол чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндөн кеч эмес берилет же жөнөтүлөт жана ага арыз ээси соттук тартипте даттана алат.
8. Бишкек шаарынын муниципалдык турак жай фондунун жайларын менчиктештирүү тартиби
61. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын менчиктештирүү турак жайларды жарандардын менчигине берүү түрүндө акы төлөө негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
Турак жайларды менчиктештирүү төмөндөгү формада жүзөгө ашырылат:
конкурста сатуу;
кийин сатып алуу менен ижарага өткөрүп берүү;
түз сатуу;
акысыз өткөрүп берүү.
Менчиктештирүүнүн формасын турак жайдын ээси же анын ыйгарым укуктуу органы аныктайт.
62. Менчиктештирүүгө төмөнкүлөр болбойт:
белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген, белгиленген тартипте жашоо үчүн жараксыз жана оңдоого жатпайт деп таанылган батирлер;
бузулууга тийиш үйлөр;
жабык аскер шаарчаларында турган үйлөр;
алардын ортосунда талаш-тартыш болгондо, туугандык мамилелер менен байланышпаган эки жана андан ашуун үй-бүлөлөр жашаган батирлер;
адистештирилген турак жай фондунун турак жайлары;
көчмө турак жай фондунун турак жайлары;
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде каралган учурлардан тышкаркы кызматтык жайлар.
Тарыхый, маданий жана архитектуралык мааниси бар турак үйлөр, ошондой эле ушундай үйлөрдө жайгашкан батирлер ушул турак жайлардын сакталышын караган өзүнчө келишимдерди түзүү менен тиешелүү мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугу менен гана менчиктештирүүгө жатат.
63. Жатаканалар жана мейманкана тибиндеги үйлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан турак үй статусуна которулат жана ушул Жобо, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси жана башка ченемдик укуктук актылар тарабынан белгиленген тартипте менчиктештирилүүгө тийиш.
Мындай үйлөрдүн турак жайларында жашаган адамдар турак жайларды түз сатуу жолу менен менчиктештирүүгө артыкчылыктуу укукка ээ болушат.
64. Батирлерди, коммуналдык батирлерди же коммуналдык батирдеги бөлмөлөрдү менчиктештирүүдө турак жайды сатып алуучу жалпы мүлк объектисинин, анын ичинде көп батирлүү үйдүн жанындагы жер тилкесинин үлүшүнө да ээ болот.
65. Муниципалдык турак жайларды менчиктештирүү тартиби:
Жарандардын муниципалдык турак жайды менчиктештирүү жөнүндө арызы ыйгарым укуктуу органга берилет.
Муниципалдык батирдин колдонуучусу турак жайдын техникалык паспортун жана баланстык тиешелүүлүгү жөнүндө маалымкатты даярдоого маалыматкат алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылат, ошонун негизинде жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык паспортту даярдайт жана баланстык тиешелүүлүгү жөнүндө маалымкатты каттайт.
Менчиктештирилип жаткан муниципалдык батирдин наркынын эсебин ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
Турак жайды жеке менчикке берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш болгон турак жайды сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 67 токтомуна 1-тиркеме |
Муниципалдык турак жай фондун пайдалануу жана берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 137, 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ылайык иштелип чыкты жана төмөнкүдөй бирдиктүү тартипти белгилейт:
турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу;
муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын акы төлөө менен мөөнөттүү пайдаланууга берүү;
муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын мөөнөттүү акы төлөнүүчү пайдаланууга берүү;
кызматтык турак жайларды берүү;
муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын менчиктештирүү.
Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
муниципалдык турак жай фонду - муниципалдык менчикте турган жана ушул Жобо менен аныкталган тартипте турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү турак жайлардын жыйындысы;
ыйгарым укуктуу орган - муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө укуктары ыйгарылган Бишкек шаарынын мэриясынын бөлүгү;
кызматтык турак жай фонду - муниципалдык кызматчылардын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин кызматкерлеринин турак жай шарттарын жакшыртууга арналган муниципалдык менчиктеги турак жайлардын жыйындысы;
жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдар - Бишкек шаарынын тийиштүү администрациялык райондорунун аймактарында жарандарды эсепке алууну жүргүзүүчү Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондору боюнча аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү;
Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу боюнча комиссия – Бишкек шаарынын аймагында жашаган жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген негиздер боюнча эсепке коюу жана эсепке алуу үчүн ушул Жобого ылайык жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган алдында түзүлүүчү коллегиалдуу орган;
муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссия – муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын берүү, башкаруу жана менчиктештирүү менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн ушул Жобого ылайык түзүлүүчү коллегиалдуу орган.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Турак жай алуу тизмесине эсепке Бишкек шаарынын аймагында үч жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары алынат.
3. Жарандарды эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын алдында турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча комиссиялар түзүлөт. Комиссиянын курамы жана анын иштөө тартиби Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү чечими менен бекитилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, эсепке алуунун тууралыгы үчүн жоопкерчиликти жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери тартат.
Муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кезектүүлүккө ылайык төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:
Бишкек шаарынын ар бир администрациялык районунда жашаган жери боюнча турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинде турган адамдарга бирден турак жай;
иштеген жери боюнча эсепте турган жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамга бир кызматтык турак жай.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүү:
Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомуна ылайык Ушул Жобонун 5-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөр
6. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарды эсепке алуунун, каттоодон алуунун жана жарандарга турак жайларды берүүнүн бекитилген тартибинин бузулганына, турак жайларга жана турак үйлөргө жайгашуунун бекитилген тартиптеринин сакталбашына күнөөлүү тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген негиздер боюнча жарандар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждар деп таанылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарды эсепке алуунун тартиби
8. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жашаган жери боюнча жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Биринчи кезекте турак жайларды алууга укугу бар жарандар өзүнчө тизмелерде эсепке алынат. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебине алынган жарандардын тизмеси ар жыл сайын такталууга жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын расмий булактары аркылуу жарыяланууга тийиш.
10. Негизсиз себептер менен өзүнүн турак жай шарттарын начарлаткан, ошондой эле жеке менчик укугунда аларга тиешелүү, жашаганга жарактуу турак үйдү (үйдүн бөлүгүн) же батирди (батирдин бөлүгүн) ээликтен ажыраткан жарандар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жаран катары эсепке турак жай шарттары начарлаган же ээликтен ажыратылган мезгилден беш жыл өткөндөн кийин коюлат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашаган жарандар жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга аларды турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондордун эсебине алуу жөнүндө тиешелүү арыз беришет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
"Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген үй-бүлөсүнүн курамы жана иш жүзүндө жашаган жери жөнүндө маалым каттар;
жарандардын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке менчик укугуна тийиштүү болгон жашоого жарактуу турак үйдүн (анын бөлүгү) же батирдин (батирдин бөлүгү) бар же жок экендиги жөнүндө Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органынан маалымкат;
№ 1 формасы;
турак жай шарттарын изилдөө актысы;
инсандыгын тастыктаган документтер;
паспорттун көчүрмөсү (жубайынын);
никеси жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
балдардын төрөлгөндүгү жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү;
жарандын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген категориясын тастыктаган документтер.
Арыз белгиленген формада жүргүзүлүүчү, турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын арыздарын каттоо китебинде катталат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарды эсепке алуу жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн баштап, бир айдын ичинде каралат.
Турак жайларды берүүнүн кезектүүлүгү эсепке алынган убактысы боюнча аныкталат.
Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды жашаган жери боюнча эсепке алуу ушул Жобонун 3-пунктуна ылайык иш жүргүзгөн турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу боюнча комиссиянын корутундусу бар болгон учурда жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдардын чечими менен жүргүзүлөт.
Кабыл алынган чечим жаранга жазуу жүзүндө билдирилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Эсепке кабыл алынган жарандар Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандарды эсепке алуу китебине киргизилет.
14. Жарандарды эсепке алуу китеби боо өткөрүлүп байланат жана эсепке алган органдын мөөрү басылат жана жарандарды эсепке алууну туура жүргүзүү үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Эсепке алуу китебинде оңдоолорго жана өчүрүүлөргө жол берилбейт.
15. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жаранды эсепке алуу китебине киргизилген жарандардын ар бир арызына бардык керектүү документтер сакталган эсепке алуу делосу жүргүзүлөт. Иштин номуру эсепке алуу китебинин номуруна дал келет.
16. Эсепке алуу делосу жана эсепке алуу китеби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте сакталат.
161. Иштеген жери боюнча турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу ушул Жобонун 241-пунктуна ылайык түзүлгөн муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Иштеген жери боюнча эсепке алуу үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюмунун, ишканасынын же мекемесинин администрациясы жана кесиптик бирлик комитети ыйгарым укуктуу органга турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамга кызматтык турак жайын берүү жөнүндө тийиштүү өтүнүч катын ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен берет, ал муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссиясы тарабынан каралууга тийиш.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Жарандар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинен төмөнкү учурларда алынат:
1) турак жай шарттарын жакшыртууга укук берген негиз жоголгондо;
2) башка калктуу конушка туруктуу жашоого кеткенде;
3) пенсияга чыкканына, мөөнөттүү аскер кызматына чакырылганына байланыштуу иштен бошотулган учурлардан тышкары, жаран эсепте турган уюм менен эмгек келишими токтотулганда;
4) жаран турак жай шарттарын жакшыртуу муктаждыгы жөнүндө чындыкка дал келбеген маалыматтарды бергенде же эсепке алуу жөнүндө маселени чечүүдө кызмат адамдары тарабынан укук ченемсиз аракеттер жасалганда;
5) беш жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратууга соттолсо;
6) эсепте турган жери боюнча эсептен чыгаруу жөнүндө арыз берсе.
7) "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген үй-бүлөсүнүн курамы жана иш жүзүндө жашаган жери жөнүндө маалым каттарды бербесе.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Жарандар эсепке коюу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу орган тарабынан эсептен чыгарылат.
Чыгарылган чечим жөнүндө жаранга жазуу жүзүндө билдирилет.
Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебинде турган жаран башка жерге туруктуу жашаганга кетсе же каза болсо, эгерде анын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп таануу үчүн негиздер жоюлбаса, анын ордуна анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири эсепке коюлат. Мында үй-бүлө мүчөсү ушул уюмда иштеген учурда гана иштеген жери боюнча эсепке коюлат, ал эми эсепте турган жаран өндүрүштөгү кырсыктын же кесиптик оорунун натыйжасында каза болгон учурда, үй-бүлө мүчөсү анын иштеген жерине карабастан эсепке алынат.
19. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу абалын контролдоо уюмдарда профессионалдык бирликтердин тиешелүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
20. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарында турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу абалын контролдоо белгиленген орган тарабынан профессионалдык бирликтер менен бирдикте жүзөгө ашырылат.
3. Турак жайларды жарандарга берүүнүн кезектүүлүгү
21. Турак жай кезексиз жана биринчи кезекте турак жай алууга укуктуу болгон жарандардан тышкары, жашоо шарттарын жакшыртууга муктаж болуп эсепте турган жарандарга жалпы кезек тартибинде жана Бишкек шаарынын аймагында эксплуатацияга киргизилген жана бошотулуп жаткан турак жайдын көлөмүнө жараша берилет.
22. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу боюнча комиссия тарабынан турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарга турак жайларды берүүнүн кезектүүлүгүн тактоо жыл сайын жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын эсебине туруу үчүн жарандар тарабынан берилген документтерде камтылган маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы текшерилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
221. Жашаган жери боюнча эсепке алынган турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын кезектүүлүгү Жарандарды эсепке алуу китебинде катталган эсепке алынгандыгы жөнүндө жазылган датанын негизинде жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан аныкталат.
Иштеген жери боюнча эсепке алынган турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын кезектүүлүгү муниципалдык турак жай фондун башкаруу боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат, ал Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюмунун, ишканасынын же мекемесинин администрациясынын жана кесиптик бирлик комитетинин турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамга кызматтык турак жай берүү жөнүндө өтүнүч катынын ыйгарым укуктуу органда катталган датасын эске алат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Турак жайларды биринчи кезекте жана кезексиз берүү.
1. Турак жайлар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын төмөнкү категорияларына кезексиз берилет: жетим балдарга жана ата-энелеринин кароосусуз калган балдарга, жетим балдардын жана ата-энелеринин кароосусуз калган балдардын ичинен - алардын билим берүү же башка мекемелерде болуусу аяктаганда, анын ичинде социалдык жактан тейлөө мекемелеринде, асырап алган үй-бүлөлөрдө, үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүндө болуусу аяктаганда, камкордук (көзөмөлчүлүк) токтотулганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө аяктаганда же эркиндигинен ажыратуу жайларынан келгенде.
2. Турак жай менен төмөндөгү категориядагы жарандар биринчи кезекте камсыз кылынат:
1) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары жана курман болгондордун же дайынсыз жоголгон аскерлердин (партизандардын) үй-бүлөлөрү жана белгиленген тартипте аларга теңештирилген адамдар;
2) Советтер Союзунун Баатырлары, Социалисттик Эмгектин Баатырлары, ошондой эле Даңк, Эмгек Даңкы ордендери, "СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө Мекенге кызматы үчүн" орденинин бардык үч даражасы менен сыйлангандар;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген оорулардын тизмесинде көрсөтүлгөн кээ бир өнөкөт оорулардын оор формаларынан жабыр тарткан адамдар;
4) граждандык жана Улуу Ата Мекендик согуштардын мезгилинде жана СССРди коргоо боюнча башка аскердик операциялардын убагында кызмат кылып жаткан армиянын курамында болгон адамдар, граждандык жана Улуу Ата Мекендик согуштун партизандары, ошондой эле СССРди коргоо боюнча аскердик операцияларга катышкан башка адамдар;
5) жалпы оорунун кесепетинен, эмгектен же кесиптик оорудан жабыркаган I жана II топтордогу майыптар жана аскер кызматчыларынын ичинен I жана II топтордогу майыптар;
6) аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда, адамдын өмүрүн, коомдук мүлктү сактап калуу боюнча жарандык парзды аткарууда курман болгон адамдардын үй-бүлөлөрү;
7) "Баатыр-эне" наамы ыйгарылган энелер, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөр;
8) 1986-1987-жылдары бөлүп коюлган зонанын чегинде Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан же ушул мезгилде Чернобыль АЭСинде эксплуатациялоо же башка жумуштарда иштеген (анын ичинде убактылуу жиберилген же жөнөтүлгөн) адамдар, ошондой эле атайын жыйындарга чакырылган жана ушул мезгилде дислокацияланган жерине жана аткарган жумуштарына карабастан, көрсөтүлгөн авариянын кесепеттерин жоюуга байланышкан жумуштарды аткарууга тартылган аскер кызматчылары жана аскерге милдеттүүлөр, ошондой эле 1986-1987-жылдары бөлүнүп коюлган зонада кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
9) муниципалдык турак жай фондунун бузулуп салынышы керек турак жайларында жашаган адамдар;
10) урап калышы мүмкүн болгон муниципалдык турак жай фондунун турак жайларында жашаган адамдар;
11) аскердик кызматын аткаруудан камдык курамга же отставкага кеткен жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган (аскер шаарчаларынан чыгарылган) аскер кызматкерлери.
4. Турак жайларды берүү тартиби
24. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайын берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын чечими боюнча акы төлөө негизинде он жылдык мөөнөткө мөөнөттүү пайдаланууга берүү менен жүзөгө ашырылат.
Бишкек шаарынын мэриясынын чечими муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссиянын корутундусуна ылайык киргизилген ыйгарым укуктуу органдын сунушунун негизинде кабыл алынат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
241. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын акы төлөп мөөнөттүү пайдаланууга берүүгө байланышкан маселелерди чечүү үчүн ыйгарым укуктуу органга караштуу муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссия түзүлөт.
Муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссиянын курамы жана иш тартиби Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү чечими менен бекитилет.
Муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү маселелерди карайт жана корутунду чыгарат:
иштеген жери боюнча эсепке алынган турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жана кезектүүлүгүн аныктоо;
жашаган жери боюнча эсепке алынган адамдарга муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын акы төлөө менен мөөнөттүү пайдаланууга берүү;
иштеген жери боюнча эсепте турган адамдарга муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын кызматтык турак жай катары акы төлөө менен мөөнөттүү пайдаланууга берүү;
муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын кызматтык жайлардын катарына киргизүү;
муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын кызматтык жайлардын катарынан чыгаруу;
муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын менчиктештирүү. »;
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүү:
Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомуна ылайык Ушул Жобонун 241-пунктуна (тыныш белгиси “»”) киргизилген өзгөртүүлөр
242. Муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссия жарандарды эсепке алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюмунун, ишканасынын же мекемесинин администрациясы жана кесиптик бирлик комитети тарабынан берилген документтердин жана маалыматтардын толуктугун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин карайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде белгиленген учурларда, муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайлар Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине берилет.
26. Жарандарга жашоо үчүн берилүүчү турак жай Бишкек шаарынын шарттарына жараша абатталып, белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бериши керек.
27. Авариялык жана эски үйлөрдө, барактарда, жертөлөлөрдө жана башка, жашоого ылайыкташтырылбаган курулуштарда, ошондой эле бузулушу, капиталдык оңдолушу же турак эмес жайга которулушу керек үйлөрдө бошогон турак жайларды берүүгө жол берилбейт.
28. Турак жайды берүүдө жубайлардан башка тогуз жаштан жогору эки башка жыныстагы адамдарды бир бөлмөгө жайгаштырууга жол берилбейт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, улгайгандарга, жүрөк-кан тамыр оорусуна жана башка оор илдетке чалдыккандарга турак жайлар алардын каалоосун эске алуу менен төмөнкү кабаттардан же лифти бар үйлөрдөн берилет.
Берилүүчү турак жайдын өлчөмүн аныктоодо үй-бүлөдө кош бойлуу аялдын бар-жогу эске алынат.
29. Адамды аны менен чогуу жашаган адамдар менен бирге турак жайдан чыгаруу соттун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
30. Муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндө бошогон (кароосуз калган, ээсиз калган) турак жайлар ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси тарабынан аныкталган тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык Бишкек шаарынын мэриясынын чечиминин негизинде турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамдарга акы төлөө менен мөөнөттүү пайдаланууга берилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Жарандардын Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж катары эсепте туруу укугу алар муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндө мүлктүк жалдоо келишимдери боюнча турак жайларды алганча же аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эсептен чыгаруунун негиздери аныкталмайынча сакталат.
32. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайын берүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
Эгерде мурда белгилүү болбогон жана жаранга муниципалдык турак жай фондунун турак жайын берүү жөнүндө чечим кабыл алууга таасир тийгизиши мүмкүн болгон жагдайлар аныкталса, турак жайды мүлктүк жалдоо келишими түзүлгөнгө чейин муниципалдык турак жай фондунан турак жайды берүү жөнүндө чечим Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кайра каралышы мүмкүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Турак жайды ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси тарабынан белгиленген тартипте берилген мүлктүк жалдоо келишимине ылайык пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарды эске алуу менен турак жайды мүлктүк жалдоо келишимине ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Кызматтык турак жайларды берүү жана пайдалануу тартиби
34. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайы, бул турак жай кызматтык турак жай катары акы төлөө менен мөөнөттүү пайдаланууга бериле тургандыгы жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү чечимин көрсөтүү жолу менен муниципалдык турак жай фондун берүү боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде киргизилген ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча кызматтык турак жайдын катарына киргизилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
341. Кызматтык турак жай Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 117 Турак жай кодекси күчүнө киргенге чейин берилген болсо, муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде киргизилген ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен кызматтык турак жайдын катарынан төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:
муниципалдык турак жай фондунун турак жайын спорт, илим жана маданият жаатындагы жетишкендиктери үчүн кызматтык турак жай катары алган адам жашаган учурда;
муниципалдык турак жай фондунун турак жайын расмий жазуу жүзүндөгү күбөлүктөр (тастыктама) боюнча кызматтык турак жай катары алган адам жашаган учурда;
муниципалдык турак жай фондунун турак жайын кызматтык турак жай катары алган жана Бишкек шаарынын мамлекеттик органдарында, ошондой эле муниципалдык уюмдарында, ишканаларында же мекемелеринде жыйырма жылдан кем эмес жалпы эмгек стажы бар адам жашаган учурда;
муниципалдык турак жай фондунун турак жайын турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондордун жалпы кезектүүлүк тартибинде кызматтык турак жай катары алган адам жашаган учурда.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
342. Кызматтык турак жай муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде киргизилген ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен кызматтык турак жайдын катарынан төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:
кызматтык турак жайда Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюму, ишканасы же мекемеси менен акыркы жыйырма жылдан бери үзгүлтүксүз эмгектик мамиледе турган адам жашаган учурда;
кызматтык турак жайда кызматтык турак жайды алгандан кийин пенсия курагына жеткен жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюмдарында, ишканаларында же мекемелеринде он беш жылдан кем эмес жалпы эмгек стажы бар адам жашаган учурда;
каза болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюмдары, ишканалары же мекемелери менен акыркы он беш жыл ичинде үзгүлтүксүз эмгектик мамиледе турган адамдын үй-бүлө мүчөлөрү аны менен бирге жашаган учурда, үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде башка турак жайы болбогон же каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигиндеги турак жайы белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген, жашоого жараксыз жана оңдоого мүмкүн эмес деп белгиленген тартипте табылган учурда;
муниципалдык турак жай фондунун турак жайын турак жай шарттарын жакшыртууга муктаждардын жалпы кезектүүлүк тартибинде кызматтык турак жай катары алган каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрү аны менен бирге жашаган учурда, үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде башка турак жайы болбогон, же каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде турган турак жайы белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген, жашоого жараксыз жана оңдоого мүмкүн эмес деп белгиленген тартипте табылган учурда.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Кызматтык турак жай Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюму, ишканасы же мекемеси менен бир жылдан кем эмес эмгектик мамиледе турган жана турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж адамга Бишкек шаарынын аймагында бош турак жай бар экендигин эске алуу менен берилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюмдарынын, ишканаларынын же мекемелеринин администрациясы жана профсоюздук комитети ыйгарым укуктуу органга өтүнүч кат берет.
37. Ыйгарым укуктуу орган өтүнүч каттын негиздүүлүгүн карап чыгат жана белгиленген тартипте кызматтык турак жайды берүү жөнүндө маселени чечет.
38. Ыйгарым укуктуу орган Бишкек шаарынын мэриясынын чечимине ылайык мүлктүк жалдоо келишими боюнча кызматтык жайды эмгектик мамиледе болгон мезгилде акы төлөө менен мөөнөттүү пайдаланууга берет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Кызматтык турак жайларда жашаган жарандарга турак жайларды брондоого, алмаштырууга (анын ичинде кызматтык турак жайларга), бул жайларды кайра жалдоого берүүгө уруксат берилбейт, жалдоочунун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн талабы боюнча жалдоо келишимин өзгөртүүгө жол берилбейт.
40. Кызматтык турак жай алган адамдын үй-бүлө мүчөлөрү бул турак жайды өз алдынча пайдалануу укугун алышпайт.
41. Муниципалдык кызматтык турак жайларда жашаган адамдар жашагандыгы, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдү өз убагында төлөөгө жана мүлктүк жалдоо келишиминин шарттарын аткарууга милдеттүү.
411. Кызматтык турак жайда жашаган жана 341 жана 342-пункттарда көрсөтүлгөн категорияларга кирген адам турак жайды кызматтык турак жайдын катарынан чыгаруу үчүн бул адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде башка турак жайдын жоктугун, ошондой эле бул адамда жана анын үй-бүлө мүчөлөрүндө кызматтык турак жайда жашаган мезгилде кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөрдүн жоктугун ырастаган документтерди тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга тийиштүү арызын берет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эмгек мамилесин токтоткон кызматкерлер муниципалдык кызматтык турак жайдан башка турак жай берилбестен, алар менен жашаган бардык адамдар менен кошо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгарылат.
43. Эгерде кызматтык турак жай жеңилгис күчтүн аракетинин натыйжасында жашаганга жараксыз болуп калса, жалдоого берүүчү жалдоочуга башка турак жай берүүгө укуктуу.
6. Мүлктүк жалдоо келишимин жол-жоболоштуруу тартиби
44. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай фондунун жайын акы төлөө менен мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндөгү чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган берилген турак жайга киргизүү үчүн жалгыз негиз болуп эсептелген жалдоочу менен мүлктүк жалдоо келишимин түзөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
45. Муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды пайдалануу мүлктүк жалдоо келишимине ылайык жүзөгө ашырылат.
46. Мүлктүк жалдоо келишими ыйгарым укуктуу орган тарабынан иш жүзүндө бош турган турак жайга гана түзүлөт, ал эми жаңыдан курулган үйлөргө кабыл алуу комиссиясынын актысы болгон учурда түзүлөт.
47. Мүлктүк жалдоо келишимин түзүүдө үй-бүлөнүн жашы жеткен бардык мүчөлөрүнүн паспортторун же паспортту алмаштыруучу башка документтерин же үй-бүлөнүн жашы жете элек бардык мүчөлөрүнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн көрсөтүү милдеттүү.
Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү чечимине кол тамга коюлгандан кийин муниципалдык турак жай фондунун турак жайын жалдоочу 30 күндүн ичинде мүлктүк жалдоо келишимин түзүүгө жана аны мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашырууга тийиш.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Бөлмөнүн бир бөлүгү же башка бөлмө менен бир кире бериш аркылуу байланышкан бөлмө (чектеш бөлмөлөр), ошондой эле кошумча жайлар (ашкана, коридорлор, буюм-тайым сактоочу бөлмөлөр ж.б.) мүлктүк жалдоо келишиминин объектиси боло албайт.
481. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайында жашаган жана белгиленген ченемден ашкан турак жайы бар жалдоочу өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн макулдугу менен ээлеп турган жайдын ордуна муниципалдык турак жай фондунун аз өлчөмдөгү турак жайын берүү үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.
Ыйгарым укуктуу орган “Муниципалдык менчик объекттерин алмаштыруу жөнүндө” жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №334 токтому менен бекитилген тартипте арызды карап чыгып, 14 жумуш күнүнүн ичинде алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Турак жайды турак эмес жайга жана турак эмес жайды турак жайга которуунун тартиби жана шарттары
49. Турак жайды турак эмес жайга жана турак эмес жайды турак жайга которууга Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын эске алуу менен жол берилет.
50. Эгерде турак эмес жай белгиленген талаптарга жооп бербесе же мындай жайларды белгиленген талаптарга туура келишин камсыздоого мүмкүнчүлүк болбосо, же мындай жайга менчик укугу кандайдыр бир жактардын укуктары менен чектелсе, турак эмес жайды турак жайга которууга жол берилбейт.
51. Турак жайды турак эмес жайга жана турак эмес жайды турак жайга которуу ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
52. Турак жайды турак эмес жайга жана турак эмес жайды турак жайга которуу үчүн тийиштүү жайдын пайдалануучусу же анын ыйгарым укук берилген адамы (мындан ары - арыз берүүчү) которулуучу жайдын жайгашкан орду боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөрдү берет:
жайды которуу жөнүндө арызды;
которулуучу жайга укук белгилөөчү документтерди (нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр);
техникалык баяндалышы менен которулуучу жайдын планы (которулуучу жай турак жай болгон учурда мындай турак жайдын техникалык паспорту);
которулуучу жайды кайра куруунун жана (же) кайра пландоонун белгиленген тартипте даярдалган жана жол-жоболоштурулган долбоору (мындай жайды турак жай же турак эмес жай катары пайдаланууну камсыздоо үчүн кайра куруу жана (же) кайра пландоо талап кылынган учурда);
кабыл алуу комиссиясынын актысы.
53. Жайды которуу же которуудан баш тартуу жөнүндө чечим документтерди берген күндөн тартып, бир айлык мөөнөттөн кеч эмес убакытта карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
54. Которулуучу жайды кайра куруу, жана (же) кайра пландоо, жана (же) мындай жайды турак жай же турак эмес жай катары пайдаланууну камсыздоо үчүн башка жумуштарды жүргүзүүдө чечим аларды жүргүзүү жөнүндө талапты, эгер башка жумуштарды жүргүзүү зарыл болсо, алардын тизмесин камтыйт.
55. Ыйгарым укуктуу органдын чечими жайларды которуунун аякташын тастыктайт жана эгер мындай пайдалануу үчүн аны кайра куруу жана (же) кайра пландоо жана (же) башка жумуштарды жүргүзүү талап кылынбаса, турак жай жана турак эмес жай катары жайды пайдалануунун негизи болуп эсептелет.
56. Эгерде турак же турак эмес жай катары жайды пайдалануу үчүн аны кайра куруу жана (же) кайра пландоо жана (же) башка жумуштарды жүргүзүү талап кылынса, ыйгарым укуктуу органдын чечими арыз ээси тарабынан берилген кайра куруу жана (же) кайра пландоо долбоорун эсепке алуу менен кайра куруу жана (же) кайра пландоо жүргүзүү үчүн негиз болуп эсептелет.
57. Жайды которгондон кийин, аны турак же турак эмес жай катары пайдаланууда өрт коопсуздугунун, санитардык-гигиеналык, экологиялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптар, анын ичинде көп батирлүү үйлөрдөгү турак эмес жайларды пайдаланууга болгон талаптар сакталууга тийиш.
58. Турак жайды турак эмес жайга же турак эмес жайды турак жайга которуудан баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:
арыз ээси берүүгө милдеттүү болгон тийиштүү документтер берилбесе;
документтер тиешелүү эмес органга берилсе;
жайды которуунун каралган шарттары аткарылбаса;
турак жайды кайра куруу жана (же) кайра пландоо долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе.
59. Жайларды турак же турак эмес жайга которуудан баш тартуу жөнүндө чечим сөзсүз түрдө баш тартуунун негизи болгон бузууларга шилтемени камтыш керек.
60. Жайларды которуудан баш тартуу жөнүндө чечим, арыз ээсине ошол чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндөн кеч эмес берилет же жөнөтүлөт жана ага арыз ээси соттук тартипте даттана алат.
8. Бишкек шаарынын муниципалдык турак жай фондунун жайларын менчиктештирүү тартиби
61. Муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын менчиктештирүү турак жайларды жарандардын менчигине берүү түрүндө акы төлөө негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
Турак жайларды менчиктештирүү төмөндөгү формада жүзөгө ашырылат:
конкурста сатуу;
кийин сатып алуу менен ижарага өткөрүп берүү;
түз сатуу;
акысыз өткөрүп берүү.
Менчиктештирүүнүн формасын ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Менчиктештирүүгө төмөнкүлөр болбойт:
белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга жооп бербеген, белгиленген тартипте жашоо үчүн жараксыз жана оңдоого жатпайт деп таанылган батирлер;
бузулууга тийиш үйлөр;
жабык аскер шаарчаларында турган үйлөр;
алардын ортосунда талаш-тартыш болгондо, туугандык мамилелер менен байланышпаган эки жана андан ашуун үй-бүлөлөр жашаган батирлер;
адистештирилген турак жай фондунун турак жайлары;
көчмө турак жай фондунун турак жайлары;
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде каралган учурлардан тышкаркы кызматтык жайлар.
Тарыхый, маданий жана архитектуралык мааниси бар турак үйлөр, ошондой эле ушундай үйлөрдө жайгашкан батирлер ушул турак жайлардын сакталышын караган өзүнчө келишимдерди түзүү менен тиешелүү мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугу менен гана менчиктештирүүгө жатат.
63. Жатаканалар жана мейманкана тибиндеги үйлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан турак үй статусуна которулат жана ушул Жобо, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси жана башка ченемдик укуктук актылар тарабынан белгиленген тартипте менчиктештирилүүгө тийиш.
Мындай үйлөрдүн турак жайларында жашаган адамдар турак жайларды түз сатуу жолу менен менчиктештирүүгө артыкчылыктуу укукка ээ болушат.
64. Батирлерди, коммуналдык батирлерди же коммуналдык батирдеги бөлмөлөрдү менчиктештирүүдө турак жайды сатып алуучу жалпы мүлк объектисинин, анын ичинде көп батирлүү үйдүн жанындагы жер тилкесинин үлүшүнө да ээ болот.
65. Муниципалдык турак жайларды менчиктештирүү тартиби:
Муниципалдык турак жай фондунун турак жайын менчиктештирүү жөнүндө жарандардын арыздары ыйгарым укуктуу органга берилет жана муниципалдык турак жай фондун башкаруу маселелери боюнча комиссия тарабынан каралат.
Муниципалдык турак жай фондунун турак жайын менчиктештирүү жөнүндө арыз берген жаран, арызга бул адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде башка турак жайдын жана курулуш үчүн жер участогунун жоктугун, ошондой эле муниципалдык турак жай фондунун турак жайында жашаган мезгилде бул адамда жана анын үй-бүлө мүчөлөрүндө кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөрдүн жоктугун ырастаган документтерди тиркейт.
Муниципалдык батирдин колдонуучусу турак жайдын техникалык паспортун жана баланстык тиешелүүлүгү жөнүндө маалымкатты даярдоого маалыматкат алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылат, ошонун негизинде жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык паспортту даярдайт жана баланстык тиешелүүлүгү жөнүндө маалымкатты каттайт.
Менчиктештирилип жаткан муниципалдык батирдин наркынын эсебин ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
Турак жайды жеке менчикке берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш болгон турак жайды сатып алуу-сатуу келишими түзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Ыйгарым укуктуу орган муниципалдык турак жай фондунун турак жайын менчиктештирүү жөнүндө жарандардын арыздарын ыйгарым укуктуу орган менен жалдоочунун ортосунда түзүлгөн мүлктүк жалдоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин гана карайт.

М.Алымбеков |