Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 50
Беловодский айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн көтөрүү максатында жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясы алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруу планынын 2017-2021 ж.ж. эффективдүүлүгү жана жергиликтүү экономикалык өнүгүү боюнча башкы адиси К.Б. Садыгалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Беловодский айылдык аймагынын 2018 жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
2. Жооптуу катчы токтомду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик укуктук ченемдик актыларынын реестрине каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Төлөмүшевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Конушбаев |