Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры № 9/2
Орто-Нура айылындагы: Көк-Секи, Көк-Каду, Бел-Булак, Чет-Нура айылындагы: Сары-Баш, Бел, Карагайлуу-Булак, Орозобай кыштоо, Ак-Булуң айылындагы: Көк-Түз, Чоң-Саз участкаларына айыл элинин тургундары мал көбөйүп, алыскы жайытка көчпөгөн себептен жайыт жерлер деградацияга учурагандыктан, мараторий жарыялоону сурашат.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Орто-Нура айылындагы: Көк-Секи, Көк-Каду, Бел-Булак, Чет-Нура айылындагы: Сары-Баш, Бел, Карагайлуу-Булак, Орозобай кыштоо, Ак-Булун айылындагы: Көк-Түз, Чоң-Саз участкаларына малдын көбөйүп, жерлер деградацияга учурагандыктан жайыттар башкаруу планынын негизинде жана элдин макулдугу менен 1.01.2018-жылдан баштап 1.01.2021-жылга чейин 3 жылга мараторий жарыялансын.
2. Мыйзам чегинде иш алып барып, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |