Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры № 9/5
Ак-Булуң айылында 66 түтүндө 337 калк жашайт. 4-класска чейин окуучулар К.Күчүков атындагы башталгыч мектебинде окушат. 5-класстан 11-класска чейин окуучулар М.Байдөөлөтов атындагы орто мектебинде 2 км аралыкта барып келип окушат. Кышкы суук, жазгы жаан-чачында окуучулар кыйналышат. Окуучуларды ташыгыдай авто унаа айыл өкмөтүндө жок.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булуң айылындагы К.Күчүков башталгыч мектеби айыл ичиндеги калктын өсүүсүнө байланыштуу жана Ийри-Суу айылындагы М.Байдөөлөтов атындагы орто мектеби, 2 км аралыкта жайгашкандыктан, окуучулар кышкы суук, жазгы жаан-чачында кыйналгандыктан 9 жылдык орто мектебин ачууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |