Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры № 9/10
Чет-Нура айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планын жарандардын катышуусундагы талкуулоо боюнча 2017-жылдын 12-13-июлунда өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгын эске алып жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин.
2. Чет-Нура айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планында коюлган иш-чараларды аткаруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Чет-Нура айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы жылдык отчеттордо белгиленип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, финансы, бюджет, мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |