Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры № 9/11
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булун айылындагы жаңы курулуп жаткан клубдун курулушун аяктоо боюнча үлүштүк грантка жазылган сметалык баасы 3 170 268 (үч миллион бир жүз жетимиш миң эки жүз алтымыш сегиз) сомдук долбоор жактырылсын.
2. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Ак-Булун айылындагы курулуп жаткан клуб боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 475 540 (төрт жүз жетимиш беш миң беш жүз кырк) сом каражаты, 2018-жылдын бюджетинен каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Н.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |