Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры № 9/13
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу айылындагы “Бактылуу бала” бала бакчасына кошумча жаңы корпус куруу боюнча үлүштүк грантка жазылган сметалыкбаасы 3 232 135 (үч миллион эки жүз отуз эки миң бир жүз отуз беш) сомдук долбоор жактырылсын.
2. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Чет-Нура айылындагы курулуп жаткан бала-бакча боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 484 821 (төрт жүз сексен төрт миң сегиз жүз жыйырма бир) сом каражаты, 2018-жылдын бюджетинен каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |