Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-декабры № 10/8
Нарын райондук мамлекеттик салык инспекциясынын 20-декабрь 2017-жылдагы чыгыш №038117/05/1540 катын кароо жөнүндө
Жогорудагы аталган катты угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү короо-сарайлардын орду айыл чарба багытындагы эмес жерлерге кирбегендиктен, Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча эсептөө палатасынын 01.01.2015-жылдан 31.12.2016-жылга чейинки өндүрүүгө койгон 64 300 сом акча каражаты өндүрүүгө жатпагандыгы белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн салык адиси Ж.Айдралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |