ТоктомКүчүндө

Садовое айылдык кеңешинин 2016-жылдын 2-мартындагы № 161 «Садовое айылдык аймагында АЧЖМФ нун жерлерин пайдалануунун перспективалык пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция02.03.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САДОВОЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVI –чакырылышындагы IX -сессиясы

2016-жылдын 2-марты № 161

“Садовое айылдык аймагында АЧЖМФ нун жерлерин пайдалануунун перспективалык пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

 

Айыл чарба жерлерине дайындалган жерлер боюнча адис И. И. Борозенцевдин “2013-2017-жж. Садовое айылдык аймагында АЧЖМФ нун жерлерин пайдалануунун песрпективалык пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, КР нын Жер кодексине 28.07.2015-ж. абалы боюнча толуктоо жана өзгөртүүгө байланыштуу жана урук, асыл тукум, айыл чарба кооперативдерин чарбаларын колдоо максатында Садовое айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Ижара укугун берүү бөлүмүнө түз сүйлөшүүлөр менен АЧЖМФ нун төмөнкү контурларда жайгашкан жерлерине өзгөртүүлөр киргизилсин: №677 контурдагы – 15 га сугат аянтына, № 53 контурдагы – 73 га сугат аянтына, № 685 контурдагы – 1,2 га сугат аянтына, № 344 контурдагы – 10 га сугат аянтына, № 95 контурдагы – 25 га сугат аянтына, № 899 контурдагы – 54 га кайрак аянтына, № 749 контурдагы – 9,5 га кайрак аянтына, № 748 контурдагы – 15 га кайрак аянтына.

2. Азыркы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Садовое а-а айыл чарба жерлерине дайындалган жерлер боюнча адис И.И.Борозенцевге тапшырылсын.

 

Садовое айылдык кеңешинин төрайымы

Полтавцева Л.П