Загрузка документа…
2018 -жылдын 28-апрели № 157
“Касым Ата” асыл тукум заводунун жетекчиси З.Базарбаеванын арызы жөнүндө”
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму кун тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 25-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдируусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Коммунист участкасындагы комплекстин түштүк, ал эми Кандава суусунун батыш тарабындагы айыл чарбасына ыңгайсыз үстү жагындагы жарака кеткен жер көчкү коркунучу бар жер участогу айыл чарба багытына өздөштүрүп, көп жылдык бак-дарак көчөттөрүн отургузуп өстүрүү үчүн 2.90 га жер аянты Базарбаева Зайна Касымовнага берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам боюнча толук изилдеп . мыйзамга туура келсе гана жер аянтын менчикке берүүгө чечим кабыл алуусу айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
3. Жер участогун максатка ылайык пайдалануу жердин асылдуулугун жана экологиялык нормаларды сактоо чегерилген төлөм каражаттарды өз убагында эсептешүү жагы Базарбаева Зайна Касымовнага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык Кенештин торагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.
төрагасы | А.Кимсанов |