Редакцияот 28.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV cессиясы  

2018 -жылдын 28-апрели № 161

“ Өзгөн РЭТ ишканасына таандык Мырза-Аке бөлүмүнүн  имараты курулуп турган жер  тилкесине чечим чыгарууну сураган арызы жөнүндө”

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып «Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Өзгөн РЭТ ишканасына таандык Мырза-Аке бөлүмүнүн имараты курулуп турган жер тилкесине чечим чыгарууну сураган арыз канааттандырылсын.

2.Чек арасын , аянтын, квадратын так эсептеп, бардык тараптан мыйзамдуулугун карап чыгып , токтом чыгарып берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин

 

төрагасы

 А.Кимсанов