Загрузка документа…
2018 -жылдын 28-апрели № 164
«Гендердик саясатты өнүктүрүү, зордук зомбулукка эрте куракта турмушка чыгууга бөгөт коюу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө каражат бөлүү жөнүндө»
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып «Финансы,экономикалык бюджет жана инвестиция» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Гендердик саясатты өнүктүрүү, зордук зомбулукка эрте куракта турмушка чыгууга бөгөт коюу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө 10 000 ( он миң ) сом каражат бөлүнүп берилсин.
2. Каражатты бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
төрагасы | А.Кимсанов |