Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 28-апрели № 165
“Мырза-Аке айылдык спорттук аянтчасына Тургунбай Алишеровдун ысымын ыйгарууну суранган жамааттык арыз жөнүндө”
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып , “социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча боюнча” туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылдык спорт аянтчасына Тургунбай Алишеровдун ысымын ыйгарууну сураган жамааттык арыз канааттандырылсын.
2.Мыйзам чегинде муниципалдык менчиктеги спорттук аянтчанын курулмаларын сактоо, аянтчанын мындан ары өркүндөтүү ишин алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
төрагасы | А. Кимсанов |