ТоктомКүчүндө

Кара-Таш айылдык кеңешинин 2018 -жылдын 19-апрелиндеги № 24 «Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү жашаган жарандар үчүн турак жай курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАРА -ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылыштагы шайланган депутаттарынын кезектеги 9 сессиясы  

2018 -жылдын 19-апрели № 24

“Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү жашаган жарандар үчүн турак жай курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”

 Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү турак жай курууга жарандар үчүн жер тилкеси жоктугуна байланыштуу, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн “Кочкор-Ата” айылынын “Мажүнүс” участкасынан жер бөлүп берүү боюнча Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жер тилкесин берүү жагын Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз 9 чу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Таш айыл өкмөтүндөгү турак жай курууга муктаж жарандарга турак жай салууга ыңгайлуу жерден жер тилкесин бөлүп берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Боркошовго милдеттендирилсин.

 

төрагасы

Б.Максутов