ТоктомКүчүндө

Жазы айылдык Кеңешинин 2018 -жылдын 10-февралындагы № 37/10 «Жазы айыл аймагында болуп өткөн жалпы жыйында тандалып алынган эки артыкчылыктуу долбоорун бекитүү жана акча каражатын бөлүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(Vl шайланган) кезексиз X сессиясы

2018 -жылдын 10-февралы № 37/10

“Жазы айыл  аймагында  болуп  өткөн  жалпы  жыйында  тандалып  алынган  эки  артыкчылыктуу долбоорун бекитүү  жана  акча  каражатын  бөлүү жөнүндө”

Жазы  айылдык Кеңеши  2018-жылдын 20-январында  айыл  өкмөтүнүн  айылдарынын  жалпы калкынын  катышуусундагы  “артыкчылыктуу долбоорду  тандап алуу”  боюнча болуп өткөн чогулушунун  протоколунун негизинде

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

Айыл  өкмөтүнүн  айылдарынан  артыкчылуктуу долбоору деп  табылган “Спорт-тынчтыктын элчиси” жана “Суу-өмүр булагы ” долбоорлору бекитилсин.

Бул долбоордун ишке ашуусун колдоо  максатында жергиликтүү  бюджеттен “Спорт-тынчтыктын элчиси” долбооруна 100 000 (бир жүз миң) сом жана “Суу- өмүр булагы” долбооруна 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  М.Ибраимовго милдеттендирилсин.

                                                                

төрагасынын орун басары                                       

 Э.Амиракулова