Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 -жылдын 16-февралы № 40/11
“Жазы айыл өкмөтүнүн Жобосун бекитүү жөнүндө”
Жазы айыл өкмөтүнүн Жобосун бекитүү
жөнүндө Жазы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 12-январындагы № 5 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан Жазы айыл өкмөтүнүн жобосу кабыл алынып бекитилсин.
2.Жазы айыл өкмөтүнүн жобосу, Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышы Жазы айыл өкмөтүнүн юристи К.Султановго жүктөлсүн.
төрагасы | Ж.Акматов |
«Жазы» айылдык Кенешинин 2018-жылдын
16- февралындагы № 40/11 чечими менен
бекитилген
Жазы айыл өкмөтүнүн
Ж О Б О С У
1.Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун «Жазы» айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде жергиликтүү коомдоштуктун жашоосун камсыз кылуу жана турмуш тиричилигин, иштерин башкарууну жүзөгө ашыруучу, айылдык Кенештин алдындагы аткаруучу-тескөөчү органы болуп эсептелет.
Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Өкмөтүнүн аткарылган тиешелүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Айыл өкмөтүнүн юридикалык дареги: Ош обласы, Өзгөн району, Кара-Дыйкан айылы.
II. Айыл өкмөтүнүн компентенциясы
2.1 Айыл өкмөтү:
Айылдык жашоо турмуштун камсыз кылуу тутумунун иштөөсүн жана өнүгүүсүн, калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштурат;
Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды аткарат;
Айылдык бюджеттеринин долбоорлорун иштеп чыгат жана айылдык Кеңеште бекитилгенден кийин аларды аткарат;
Тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
Жаңы жумушчу орундарын түзүү боюнча чараларды иштеп чыгат;
Жоюлуп жаткан ишканаларды менчиктештирүүдө жана социалдык маданий, тиричилик жана чарбалык багыттарды, обөекттерди жана аларды иштөөсү үчүн зарыл болгон жабдууларды айылдын, шаарчанын балансына өткөрүп берүүгө катышат;
Турак жай фондун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
Коммуналдык менчикте турган, ошондой эле айыл чарба жерлерин кайра бөлүштуруу фондунун жерлерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
Экономикалык, социалдык жана укуктук чөйрөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнө өбөлгө түзөт;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;
III. Өткөрүлүп берилген Мамлекеттик ыйгарым укуктары
3.1 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттин айрым укуктары берилиши мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттин айрым ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү бир эле мезгилде өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана финансылык каражаттар менен камсыз кылып, ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Калктуу конуштарда тиешелүү мамлекеттик органдар жок болгон учурда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга;
Калкты иш менен камсыз кылуунун жана калктын жер которуусунун программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;
Колунда жок адамдарды аныктоо, даректүү социалдык коргоону уюштуруу;
Паспорттук эрежелердин аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу жана белгиленген тартипте жарандарды каттоого алып жана каттоодон чыгаруу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык абал актыларын каттоо;
Камкорчуларды жана көзөмөлдөөчүлөрду, ошондой эле камкорчулук жана кабылдоочу уй-бүлөлөрдүн, мониторингин (даярдоо) дайындоо;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык аракеттерди жасоо;
Жарандарга инсандык, үй-бүлөөлүк, мүлктүк абалын ырастаган маалымдамаларды, мыйзамдарга каралган башка документтерди берүү;
Коомдук тартипти чындоого көмөк көрсөтүү;
Аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөк көрсөтүү;
Аймакта мыйзамдуулуктун жана коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу;
Мыйзамга ылайык тиешелүү аймактарда чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн жана демонстрацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө уруксат берүүнүн тартибин белгилөө;
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлерди бөлүштүрүү жана пайдалануу;
Айыл чарба өндүрүштүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча индикативдүү пландарды түзүү;
Мал чарбасында ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана селекциялык асыл тукум, иштерин уюштурууга, өз убагында өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
Айыл чарба өсүмдүктөрү, эгилген айдоолорду, эгилген айдоолорду,тебелеп тепсөөгө каршы иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
Салыктарды жана алымдарды жыйноо;
Керектелүүчүлөрдүн укугун камсыз кылуу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан өткөрүлүп берилген башка ыйгарым укуктары таандык кылынат;
IV. Айыл өкмөтүнүн башчысы
4.1 Айылдык өз алдынча башкаруунун башчысы тийиштүү аймактагы шайлануучу кызмат адам, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп саналат.
4.2 Айылдык өз алдынча башкаруунун башчысы тийиштүү аймактын калкы тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Айылдын айылдык өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоонун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
4.3 Айылдык өз алдынча башкаруунун башчысы ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда бошотулат:
- Жеке арызынын негизинде;
- Мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик укуктарды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн айылдык кеңештеринин сессияларынын, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүгүнүн макулдугу менен;
- Соттун айып коюлган өкүмүнүн күчүнө киришинин негизинде;
- Ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;
- Анын өлгөн, дайынсыз кеткен деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле өлгөн учурда;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерине кеткен учурда;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айылдын шайлоочуларынын кеминде үчтөн биринин жазуу жүзүндөгү талабы боюнча;
- Эмгекке биротоло жарамсыздыгынын натыйжасында кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда;
- Айылдык кенешинин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин талабы боюнча областын мамлекеттик администрация-губернатор тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
Айылдык өз алдынча башкаруусунун башчысына айыл кенешинин депутаттары тарабынан ишеним козгоо учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү эки жуманын ичинде анын мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотот, болбосо Айылдык Кеңешинин негиздүү баш тартуу керек.
Айылдын өз алдынча башкаруу башчысына айылдык кенештеринин депутаттары тарабынан кайталап ишеним көрсөтүлбөгөн учурда КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү эки жуманын ичинде аны ээлеген кызматынан бошотот жана жаны шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына өтүнүч берилет.
V. Айылдын айылдык өз алдынча башкаруусунун башчысынын ыйгарым укуктары
5.1 Айылдын айылдык өз алдынча башкаруусунун башчысы:
- Айыл өкмөтүнүн ишин жетектейт жана анын натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Айылдык Кенешке айылдын бюджеттеринин долбоорлорун сунуш кылыт, айылдагы иштин жалпы абалы, айылдык бюджеттин аткарылышы жана коммуналдык менчикти пайдалануу, аймактын социалдык-экономикалык өнөгөөсөнөн программасынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо жөнүндө Айылдык Кеңешке жарым жылда бир жолудан кем эмес отчет берет;
- Өзүнүн ишинин натыйжасы жөнүндө айылдык кеңешке жылына бир жолудан кем эмес отчет берет;
- Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аркарылышын уюштуруу үчүн жекече жооп тартат;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык айылдык салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча айылдык кеңешке сунуштарды киргизет;
- Мамлекеттик мекемелер менен уюмдардын тийиштүү аймактарындагы бөлүктөрүнүн жетекчилерин дайындоо жана кызматынан бошотууга макулдук берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде башка маселелерди чечет.
VI. Айыл башчысы
6.1. Айылдык Кенешинин аймагында турган өзүнчө жайгашкан калктуу конуштардын айылдык иштерин күндөлүк башкарууну уюштуруу максатында айылдык кенештин чечими боюнча айыл өкмөтүнүн эмгек акы төлөө фондунун чегинде айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
6.2. Айыл башчысы айыл өкмөтүнүн чечимине ага өткөрүлүп берилген милдеттерди калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, калыптанып калган үрп-адаттары менен салттарына жараша аткарат;
6.3. Айыл башчысы айылдын айылдык өз алдынча башкаруусунун башчысы тарабынан тийиштүү аймактын тургундарынын чогулушунун макулдугу менен дайындалат.
VII. Айыл өкмөтүнүн коммуналдык менчиги
7.1 Коммуналдык менчик – Айылдык коомчулуктардын Айылдык өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, айылдык өз алдынча башкаруунун кирешелер алуучу булагы жана калктын социалдык – экономикалык керектөөлөрүн канааттандырууга кызмат өтөө менчиги.
7.2 Коммуналдык менчикке:
- Жер
- Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;
- Айылдык коомчулуктун казынасы;
- Муниципалдык баалуу кагаздар кирет;
Коммуналдык менчикти пайдалануу жана тескөөнүн тартибин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык айылдык кенештер белгилейт.
7.3. Коммуналдык менчик укугу мамлекет тарабынан менчиктин мамлекеттик, жеке жана башка формулары менен тен катар таанылат жана корголот.
VIII. Айыл өкмөтүнүн чарбалык субөекттерди түзүү укугу
8.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жазы айыл өкмөтү чарбалык иштери жүзөгө ашыруу үчүн чарба жүргүзүүчү субөектерди түзүүгө, аларды кайра уюштуруунун жана жоюнун маселелерин чечүүгө укуктуу.
8.2. Айыл өкмөтүн кайра түзүү, жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жүргүзүлөт.
айыл өкмөтүнүн башчысы: | М.Ибраимов
|