ТоктомКүчүндө

Савай айылдык Кенешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 29 «Савай айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасын сатуу жөнүндө» токтому

Редакция26.12.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

Т О КТОМ

 (VI шайланган) депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы

2017-жылдын 26-декабры № 29

“Савай айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасын сатуу жөнүндө”

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдында башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Савай айылдык Кенеши

Т О К Т О М К Ы Л А Т

Савай айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасынын техникалык абалы начарлап оңдоп түзөө иштерине көп акча каражатын талап кылгандыктан, жаңы кызматтык унаа алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жагы Савай айылдык Кенешинин бюджет финансы комитетине милдеттендирилсин.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет финансы комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Байымбетов