ТоктомКүчүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 152 «Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV сессиясы

2018-жылдын 28-апрели № 152

 

«Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө»

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап ,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 59 токтомуна ылайык Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Негизги каражатттардын мүлкттүк комплекске киргизилген техникалык паспорттоштуруу Актысына ылайык :

-негизги каражаттардын баштапкы баасы 11184278 сом

- негизги каражаттардын эскирүү суммасы 4657455 сом

- жер участогунун суммасы (6178 кв.м) 716470 сом

- негизги каражаттардын калдык наркы 6526823 сомду

түзүп, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системалары айыл өкмөтүнүн балансына ( муниципалдык менчик ) өткөрүп берилсин.

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы Адыр ,Бабыр ,Мырза-Аке айылдарынын калктты таза суу менен камсыздоочу системаларын айыл өкмөтүнүн балансына ( муниципалдык менчиикке ) өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Кимсанов