Загрузка документа…
2018-жылдын 28-апрели № 154
“Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн малчы,чабандарынын 29.03.2018-жылдагы жалпы чогулушунун протоколунун чечимин бекитүү жөнүндө”
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Айыл , суу чарба , өнөр жай, курулуш, транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү жана жайлоо комитетинин билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн малчы, чабандарынын 29-март 2018-жылдагы жалпы чогулушунун протоколунун чечими бекитилсин.
- кара малга – 1 айга- 450 сом
- жылкы- 1 айга – 450 сом
- кой,эчки – 1 айга 90 сом
-малды карабай арам өлтүрсө ,жоготсо , карышкырга жедирсе, алмаштырса башка баш төлөнсүн.
- Эгинди,чөп ормону жедирсе зыянын төлөйт.
Жайлоого көчүү мөөнөтү 10-майга чейин, көчүп келүү 10-сентябрдан кийин.
2018-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө өлчөмдөрү :
ири мүйүздүү мал үчүн , бир баш үчүн- 100 сом
кой, бир баш үчүн- 20 сом
эчки , бир баш үчүн- 50 сом
жылкы бир баш үчүн- 100 сом
картошка, 1 сотых үчүн -100 сом
жайыттагы кашааланган жер аянты 1 сотых үчүн – 100 сом
Ики жайытты пайдаланып ,башка жайытка чыгып кеткендер үчүн.
кара мал , бир баш үчүн- 50 сом
жылкы , бир баш үчүн - 50 сом
кой , бир баш үчүн- 10 сом
эчки, бир баш үчүн- 30 сом
Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн
ири мүйүздүү мал,бир баш үчүн 150 сом
кой, бир баш үчүн- 30 сом
эчки , бир баш үчүн- 60 сом
жылкы , бир баш үчүн – 150 сом
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
2017-жылы жайыт пайдаланып ,жайыт акысын төлөбөгөндөргө жайыт берилбесин.
2018-жылы жайыт пайдалануучулар жайыт акысынын 50 % каражатын төлөө менен жайыт билетин алышсын.
Жайыт билетин албагандарга жайыт бөлүнүп берилбесин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешевке милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов
|