Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09- февралы № 10/2
«Будалык айылдык округунун 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга карата бюджети жөнүндө.»
Будалык айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 3-болүмчөсүнө жана 4-главасынын
31-беренесинин 2-бөлүмчөсүнө, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү Мыйзамынын 1-бөлүмүнүн 13-беренесине ылайык
Будалык айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлүгү 5451,0 миң сом жана чыгаша бөлүгү9126,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2017-жылга айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө тендөөчү гранттан 5634,2миң сом жана өздүк киреше 915,9 мин сом,анын ичинен атайын каражаттан160,0сом, жалпысынан 6550,1мин сом, чыгаша бөлүктөрүнө 6550.1миң сом бекитилсин.
3. Маданият тармагына бөлүнгөн ар түрдүү чыгымдардан 100,0 миң сом айыл өкмөтүнө даталуу күндөргө жана майрамдык ишчараларга жумшалсын.
4. Айылдык кенештин төрагасына 5455 сом эмгек акы төлөп берүү үчүн бекитилсин.
5. Будалык айы өкмөтүнүн бюджети 2018-жылга 6745,8 сом, 2019-жылга 7162,0 сом долбоорлонсун.
6. Будалык айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетке каралган акча каражаттары беренелер боюнча жумшалышын камсыз кылуу, отчет учет иштерин убагында жүргүзүп айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана мектеп директорлоруна, чарбалык иштер боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет саясий-экономикалык маселелер пландоо, бюджет жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | С.Рахматов |