БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ 10 ЗАСЕДАНИЕСИ
2017-жылдын 9.- февралы № 10/4
«Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучутөлөмдөрдүн суммасын 2017-жыл жана андан кийинки жылдар үчүн белгилөө жөнүндө»
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа“бала бакчасынын ата энелер чогулушунун 26.01.2015-жылдагы № 2 жана Кара-Суу айылындагы № 20 Ш.Айткулов атындагы бала бакчаларынын тарбиялануучуларынын ата энелеринен алынуучу төлөмдөр жөнүндө ата энелер чогулушунун 18.01 2017-жылдагы төлөмдөр жөнүндө чогулушунун № 2 протоколу менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү” Мыйзамынын 5-главасынын 22-беренесине таянып,
Будалык айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа “ жана № 20 “Ш.Айткулов“ атынданы бала бакчаларынын тарбиялануучуларынын ата-энелеринен алынуучу төлөмдөр 300(үч жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Будалык айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа “ жана № 20 “Ш.Айткулов атындагы бала бакчаларынын ата энелеринен алынуучу төлөмдөрдү өз убагында топтоп мыйзам чегинде иштетүү бала бакчалардын башчылары Чолпон Осмонова жана Шайыргүл Бекмаматовага милдеттендирилсин.
3. 2017-жылдын жана андан кийинки жылдардын июль,август айларында тарбиялануучу балдар үчүн айыл шартына байланыштуу 2 ай каникул берилсин жана ата энелер төлөмдөрдөн бошотулсун.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А. Кудайбердиевге милдеттендирилсин
Төрага | С.Рахматов. |