Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 15/ 1
“Будалык айыл өкмөтүнүн 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету “
Будалык айыл өкмөтүнүн 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө айыл өкмөт башчысынын отчетун угуп жана талкуулап,КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 6-главасынын 46-беренесинин 3-пункутуна ылайык
Будалык айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Будалык айыл өкмөтүнүн 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө айыл өкмөт башчысынын отчету канаатандыраарлык деп белгиленсин. (тиркеме тиркелет)
2018-жылга жана андан кийинки жылга карата калктын социалдык экономикалык өнүгүшүн багыттаган, социалдык инфраструктураны жакшыртуу чаралары иштелип чыгуу жагы каралсын.
Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Төрага | С.Рахматов |
Будалык айыл өкмөтүнүн 2017-жыл ичинде аткарылган иштери жөнүндө З.Каримовдун
Б И Л Д И Р Ү ҮСҮ:
Урматтуу депутаттар!
Мен 2017-жыл ичинде аткарылган иштерге токтолуп кетсем,
Айыл өкмөтү административдик түзүлүшү : 6 айылдан турат.
Будалык айыл өкмөтүндө 4 мектеп, 2 балдар бакчасы ,1 ФАП жана 2 ФП, 2 китепкана, элге кызмат кылат.
Айыл өкмөтүндө жалпы 14 кызматкер эмгектенет.4 техникалык кызматкер бар.
Балдардын төрөлүшү:2017-жыл ичинде айыл өкмөтүндө 71 бала төрөлүп катталды жана 14 жаш үй бүлөөлөр өздөрүнүн жазган арыздарынын негизинде никелешүү күбөлүктөрүнө ээ болушту.13 адам каза болуп, алардын тиешелүү иш кагаздары жүргүзүлдү.
2017-жыл ичинде айыл өкмөт башчысына 14 арыз келип түшүп,ар бир арызга өз убагында жооп берилди
Иш кагаздарынын жүргүзүлүшү:
Будалык айыл өкмөтүндө атайын типтүү жобонун негизинде иш кагаздары боюнча иш жүргузүлөт.Келип тушкөн иш кагаздары атайын журналга катталып,тиешелүү адистерге болүнуп берилет.2017-жылдын Алай райондук мамлекеттик администрациясынан 127буйрук,23токтом, 197 кат,20 протокол келип түшкөн.
Будалык айыл өкмөтү тарабынан 145 буйрук чыгарылып,42токтом кабыл алынган. Айылдык кенештин депутаттары тарабынан 1жолу кезексиз 3 жолу пландуу сессия өткөрүлгөн.
Билим берүү:
Будалык айыл өкмөтүндө 3 орто, 1 башталгыч билим берүү мектептери бар.
Жаны 2016-2017-окуу жылына мектептерди сапаттуу ремонттоо максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинен
Ж.Бубаев атындагы орто мектебине 10 000,
Ж. кыпыева мектебине 14 000,
Кум-Шоро орто мектебине 6150
Будалык баштооч мектебине 2 000 сом акча каражаты бөлүнүп, сапаттуу ремонттоо иштери жүргүзүлдү.
Мындан сыркары Будалык башталгыч мектебинин ажатканасы айыл окмотүнүн бюджетинин эсебинен жаныланса, Кум Шоро мектебинин ажатканасы “Биз чоноюп өсөбуз” деген долбоордун алкагында жаныланды.
Азыркы мезгилде “түрткү берүүчү грантка” долбоор жазып Ж.Кыпыева атындагы орто мектебинин чатырын жанылоо чараларын көрүп жатабыз.
Мектепке чейинки билим берүү:
Будалык айыл өкмөтүндө 2 бала бакча бар.
.
2017-жылы Ш.Айткулов атындагы балдар бакчасына Будалык айыл өкмөтүнүн бюджетинен кошумча имарат куруу үчүн 5023 сом каралып,тиешелүү иш кагаздары бүткөрүлдү.Экспертиза үчүн 2963сом жалпы 9886 сом которулуп берилди. 2018-жылы бул ишти аягына чыгарабыз
“Шалбаа” бала бакчасына “Агахан” фондусу тарбынан 1768469 сомдук колдоо көрсөтүлүп ремонттолду жана кошумча 1 тайпа ачылып иштеп жатат.
“Ш.Айткулов” жана “Шалбаа”балдар бакчаларында даталуу күндөр балдар жана ата-энелер менен биргеликте өткөрүлүп жатат,жана ата-энелер чогулуштарында “Балдарга карата зордук зомбулуктарды болтурбоо” жөнүндө тушүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.
Маданият тармагы:
Айыл өкмөтүндө 2 китепкана бар.
Октябрь китепканасынын жалпы китеп фонду 7998 китеп
Китепканада даталуу күндөргө, кесиптик майрамдарга карата мекен, жаратылыш, кыргыз элинин, Алай элинин тарыхы, улуттук каада салт, белгилүү инсандар, Манас таануу, Курманжан Датка, кыргыз тил күнүнө, жана башка темаларга арналган буклеттер даярдалган.
Медициналык тейлөө:
Будалык айыл өкмөтүндө 1ФАП,2 ФП, 1аптека калкты медициналык жактан тейлейт. Жалпы 4мед айым,3 санитардык жана 4 техникалык кызматкерлер эмгектенишет. 1”Тез жардам” машинасы бар.
Саламаттыкты сактоо мекемелери көмүр менен жылытылат. Жалпы 12 тонна көмүр келип түшкөн.
Кара Суу ФАПка 8тн, Октябрь ФПга 2тн,Кум-Шоро ФПга 2тн көмүр келип туштү
Жугуштуу оорулар менен каттодо турган атуулдарга медициналык кызматкерлердин рецеби менен женилдетилген баада дары дармек берилет.
Жамааттык уюмдардын аракеттери:
2014-2020-жылдаргаКыргыз Республикасынын “диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндөгү” иш чараларын талкуулап, жаштарга туура диний түшүнүктөрдү берүү аркеттери көрүлүп жатат.
Кум-Шоро айылынын Кенжебай участкасына типтүү мечит ачылып ишке берилди. Кум Шоро айылынын Тектир учаскасына да “Ассалам” кайрымдуулук фондунун колдоосу менен мечит курулуп, чатыры жабылды. Кара Суу районуна көчүрулгөн Жаны Будалык айылына да жаны мечит ишке берилип, жаштардын жана калктын диний сабаттуулугун жоюу боюнча иш аракеттер көрүлүп жатат.
Жамаатардын аракеттери жана айыл өкмөтүнүн жардамы менен Нооруз майрамы Кайнама айылында жогорку денгээлде өткөрүлдү.Ага бардык айылдын жашоочулары катышып, концерттик программалар,улуттук тамак аштын көргөзмөлөрү,боз үйлөрдү жасалгалоо боюнча көргөзмөлөр, спрорттук оюндардын түрлөрү боюча мелдештер өткөрүлдү.
Жергиликтүү бюджет:
Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү ар дайым талкууга коюлуп анын аткарылышы анализденип турат:
2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы айыл өкмөтүнун бюджети 9% га көбөйгөнун белгилеп кетсек болот. Салыктарды өндүрүү да жакшы жолго коюлуп 2016-жылы 3976.0болсо 2017-жылы 4160.1 сом топтолду.
2017-жылы 3 жаны жумуш орду түзулдү. 1тракторист 2 жеке менчик дүкөнчү.
Айыл чарбасы:
Кайра бөлүштүрүү фондусунун жеринен план боюнча 38400 сом топтоо керек болсо 2017-жыл ичинде 38700 сом топтолуп төгүлдү. 2070 га жайыт жер бар.Быйылкы жылы 137%га аткарылды.
Будалык айыл өкмөтүнүн негизги экономикалык тармагын мал чарбачылыгы жана дыйканчылык түзөт.
Мал чарбасы жана ветеринария:
2017-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүндө малдын башы ири мүйүздүү мал 1590, кой-эчки 11417, анын ичинен эне башы 8516, жылкы 1320, анын ичинен 535 бээ, канаттуулар баары 1540, анын ичинен 923 тоок бар экендиги такталган болсо жана бул малдарга алдын-ала эмдөө жүргүзүлүп, лабораториялык аныктоолор , ветеринардык санитардык иш-чаралар аткарылып анализденип турат.
Азыркы мезгилде “сибир жарасына”каршы дарылоо, ит мышыктарды кутурма оорусуна каршы эмдөө, ички тышкы мите куртка карата эмдөө иштери узгүлтуксүз жүргүзүлөт.
Ал эми дарт аныктоолор: Бруцеллез оорусун аныктоо үчүн 218 баш уйдан кан алынып лабароторияга тапшырылды
_1590 саан уйга эмдөө жүргүзүзүлүп, бирка тагылганына сиздер да күбө болдунуздар.
Таза суу менен камсыздоо:
Будалык айыл өкмотундогү Окябрь, Кайнама, Кара Суу түтүктөрү 12кмди түзөт. Октябрь Кайнама суу түтугунүн 30м түтугу демөөрчүлордун колдоосу менен 60мин сом акча каражы сарпталып, жаныланды. Кара Суу айылынын таза суусу үчүн 50мин кодоо көрсотүлдү.
Мындан сырткары айрым жамааттар да өз каражаттарынын эсебинен таза суу чыгарып алды
Аскердик милдеттер:
Будалык айыл өкмөтүнүндө аскердик иштер боюнча 2001-жылы туулган уландар каттого алынып,тиешелүү документтери такталып жатат.
Альтернативтик кызмат өтөгөн балдардын төлөм акчалары өз убагында төлөнүп, бир айда эки мин сегиз жүз сомдон төгүлөт . Жалпылап айтканда жыл аягына чейин 151492 сом топтолуш керек болсо,164980т сом топтолуп төгүлдү.
Социалдык маселелер:
Будалык айыл өкмөтүндө 2017-жылдын калкты социалдык жактан өнүгүү иштери боюнча бир катар иштер аткарылгандыгын белгилейбиз.
2016-жылы жакырчылыктын денгээли 74% болсо 2016-жылы 54 %ды түздү. 500 үй-бүлөөгө социалдык паспорттор үйунө барып сурамжылоо жолу менен тотурулду.
Айыл өкмөтү боюнча 2017- жыл ичинде социалдык жеңилдик алуучулар афган согушунун катышуучусу 1, Кароосуз тейлөөгө муктаж улгайган жалгыз бой жарандар 6
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны: жалпы 101 майып катоодо турат.Тоголок жетим балдар- 6, жарым жетим балдар -41. Ажырашкан үй бүлөөлөрдүн саны 20.
Социалдык колдоонун эң негизгиси болгон жөлөк пул алуучулар боюнча 6 айда 241 үй бүлөө арыз менен кайрылып, азыркы учурда 186 үй бүлөө жөлөк пул алып жатышат.
15-февраль ооганчылардын күнүн белгилөөдө ветераныбыз Мамытов Полотко айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп өзүнө керектүү нерсесине жумшоого колуна берилди.
8- март аялдардын эл аралык майрамын белгилөөдө иш чара уюштурулуп, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 15,0 мин сом бөлүндү.Айыл өкмөтүнүн имаратына сый тамак уюштурулуп, аялдарга турдүү “Азыл зат айым”, ”Үлгүлүү айым” , “Демилгелүү айым” аталган номинациялар берилди.
Ички жана тышкы инвецтиция:
“Шалбаа” бала бакчасына “Агахан” фондусу тарбынан 1768469 сомдук колдоо көрсөтүлүп ремонттолду жана кошумча 1 тайпа ачылып иштеп жатат.
Ш.Айткулов атындагы балдар бакчасына Ш. Айткуловдун балдары 100,000сом демөөрчүлук көрсөтүштү.
Тамга Терек айылындагы жамааттар тарабынан Тиленбаевдердин үй-бүлөөсү 15000(он беш мин)сом акча каражатын сарпташып,45даана кара өрүктүн жана кайноолунун көчөтүн отургузуп айланасын тосушту.
Өзгөчө Кырдаалдары алдын алуу: Кооптуу аймакта жашаган атуулдарга эскертүүлөр берилип, 4 жарандын үстүнөн доо арыз берилген, аларга сот тарабынан мажбурлап көчуп чыгууга чечим чыкты.
2017-жылы жай айларында болгон селдин кесепеттерин жоюу максатында 254 даана гобион торчосу берилип, элдик ашар жолу менен кооптуу аймактарга басылды.
Ички жана тышкы миграция:
Будалык айыл өкмөтүнүн аймагынан 2017-жылы
ичинде жалпы 20 атуул учеттон ички аймактарга чыгып кетсе , 18 атуул каттого турган. Ал эми учеттон чыкпай туруп жумуш издеп кеткендердин саны:
(бул сандар акыркы жумада такталганы)
Тышкы миграцияга –227 адам, ички миграцияга -411 адам такталган
(Бул сандар мигранттардын келип кетишине карай өзгөрүлүп турат.
Электр энергиясы:
2017-жылга 252,4 квт лимит электр энергиясына бөлунгон. Бул лимит ар бир ишканага бөлунүп, лимиттен ашыкча иштетпөө жөнундө ар бир жерекчиге түшүндүрүлгөн
Октябрь, Кайнама айылдарында 22 электр мамычалары жаныланып алмаштырылды.
2017-жыл мектептерге жана айрым жеке үй-бүлөөлөргө интернет байланышы жеткирилди.
Кыш мезгилине карата көмур менен камсыз кылуу:
Будалык башталгыч мектебине 9 тн.
Ж.Кыпыева мектебинин ашканасына 2 тн
Ж.Бубаев мектебинин ашканасына 2,тн,
Кум-Шоро мектебинин ашканасына 2тн,
Кара-Суу айылдык китепканасына 1 тн,
Бала бакчалар үчүн:
Ш.Айткулов атындагы бала бакчага 10тн
Шалбаа бала бакчасына 15тн
Баары: 41 тонна.
Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы: З.Каримов.