Загрузка документа…
Ийри-суу айылдык кеӊеши
Токтом
(VI чакырылышындагы ) кезектеги IV сессиясы
2017- жылдын 28-февралы № 17
“ЖИЙДЕ АЙЫЛЫНДАГЫ ЖАҢЫ КОНУШКА ЫСЫМ ЫЙГАРУУ ЖӨНҮНДӨ”
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезектеги IV сессиясынын күн тартибиндеги элдик жыйынынын протоколунун негизинде Ийри-Суу айыл өкмөтүндөгү Жийде айылына караштуу бак маалага жаңы конуш түшкөндүгүнө байланыштуу Абдуллаев Борончунун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Жаңы конушка Абдуллаев Борончунун ысымы берилсин (түндүк жагы мечит, түштүк жагы Нышанбаев Айбек, чыгыш жагы Байчороев көчөсү, батыш жагы Абдуллаев Улукбекке чейин).
Төрага | С. Курманбеков. |