Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017- жылдын 17-марты № 20
“Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кыргызстан айылына ФАП куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө”
Ийри-Суу айылдык кеңешинин ( VI чакырылышындагы ) кезектеги V сессиясынын күн тартибиндеги Кыргызстан айылына ФАП салуу үчүн 0,04 сотых жер участогун бөлүп берүү жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Элдик жыйындын протоколунун негизинде Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылына эл пайдаланууга ФАП салуу үчүн жалпы аянты 0,04 сотых жер участогу бөлүнүп берилсин.
2.Суралсын Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан (Н. Абдикеримов ) курулуш ишине тиешелүү документтерди даярдоо жана Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармасынан жер участогун каттоого алып (Ж. Ибраимов) тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айылдык кенешинин бюджет комиссиясынын төрагасы Б. Мусаевке милдеттендирилсин.
Төрага | С. Курманбеков |