Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017- жылдын 17-марты № 23
“Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айдоо жана чөп орок жерлерин айдап, оруусу боюнча жеке менчик техникасы бар атуулдарга кызмат акысынын бааларын бекитүү жөнүндө”
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезектеги V сессиясынын күн тартибиндеги элдик жыйынынын чечиминин негизинде Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айдоо жана чөп орок жерлерин айдап, оруусу боюнча жеке менчик техникасы бар атуулдарга кызмат акысынын бааларын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1 сотых жер айдоого 20 сомдон, маласына 10 сомдон, чөп орок 1 сотых жерге 15 сомдон , грепка 10 сом, пресс подборщикке 13 сомдон баасы бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Курманбеков |