Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-июну № 27
“Ийри-Суу айыл аймагындагы жарандык коргонуу комиссиясынын сунушун кароо жөнүндө”
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезексиз VII сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл аймагындагы жарандык коргонуу комиссиясынын сунушун кароо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жарандык коргонуу комиссиясынын айыл аймагындагы жер көчкүсү бар кооптуу аймакта жүайгашкан турак үйлөрдү коопсуз аймакка көчүрүү боюнча тизмеси бекитилсин.
2. Айыл аймагындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жайгашкан турак үйлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн тизмеге ылайык жер тилкесин берүү үчүн Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясына сунуш кылынсын.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Курманбеков |