Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-июну № 29
Жаңгакты айылынын жолун оңдоо үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом, Кара-Колот айылынын жолун оңдоо үчүн 50 000 ( элүү миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берүү жөнүндө”
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышынын ) кезексиз VII сессиясынын күн тартибиндеги жер көчкү кесепетинен бузулган Жаңгакты, Кара- Колот айылдарынын ички чарбалык жолдорун оңдоо жана санариптик телеберүүгө өтүү үчүн автотеле чагылдыргычтарды Жаңгакты айылына орнотууга акча каражатын бөлүп берүү үчүн маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаңгакты айылынын жолун оңдоо үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом, Кара-Колот айылынын жолун оңдоо үчүн 50 000 ( элүү миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жаңгакты айылына автотеле чагылдыргычтарды орнотууга 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Төрага | С. Курманбеков |