Редакцияот 01.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 (VI чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы

2017-жылдын 1-августу № 30

“Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндө”

Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин № 95-беренесине ылайык 2018-2020-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселе айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Ийри-Суу айылдык кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-2020-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү киреше жана чыгаша бөлүгү 2018-жылга 4006,1 миң сом, 2019-жылга 4286,1 миң сом, 2020-жылга 3323,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

Төрага

С. Курманбеков