Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-августу № 31
«Ийри-Суу байланыш бөлүмүнүн атын Жийде байланыш бөлүмү деп өзгөртүү жөнүндө»
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышынын ) кезексиз VIII сессиясы жогорудагы маселени карап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ийри-Суу байланыш бөлүмүнүн имараты Жийде айылында жайгашкандыгын эске алуу менен айыл жашоочуларынын суроо талабына ылайык “Жийде” байланыш бөлүмү деп аталсын.
2.Жийде байланыш бөлүмүнө тийиштүү мөөр, штамп жана керектүү документацияларын тактоо жагы “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын Өзгөн райондук филиалынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | С. Курманбеков |