Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017- жылдын 1-августу № 32
“Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн К.Ботояров орто мектеби жана Кыргызстан айылына таза суу скважинасынын санитардык-гигеналык абалын жакшыртуу максатында айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп- счетуна акча каражаттын түшүрүп берүү жөнүндө”
Ийри-Суу айыл өкмөтү 2017-жылы “ ПРООНдун” пилоттук тизмесине кирип, айыл аймагындагы К. Ботояров орто мектеби жана Кыргызстан айылындагы таза суу скважинасынын санитардык – гигеналык абалын жакшыртуу максатында проектин негизинде жалпысы 710312 (жети жүз он миң үч жүз он эки) сом акча каражатын атайын каражаттар эсеп-счетунун 22211200 бөлүмүнө чегерүү жагы финансы, экономика боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун, КРнын
Бюджет кодекисинин, КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Ийри-Суу айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнө “ ПРООНдун” проектиси аркылуу каралган жалпы 710312 (жети жүз он миң үч жүз он эки ) сом акча каражаты атайын каражаттар эсеп- счетунун 22211200 бөлүмүнө кошумча план болуп чегерилсин.
2. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы А.Айтиевке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет экономикалык жактан болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Мусаевке тапшырылсын.
Төрага | С. Курманбеков |