Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-январы № 2 /1
“А.Жумабаев атындагы орто мектепке алыстан каттап окуган балдарга шарт түзүү жөнүндө”
Күн тартбиндеги маселени угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1 .2017-жылдын кыш мезгилиндеги туруксуз аба-ырайынын катаал шартына
байланыштуу, коопсуздук чараларын көрүү, мектепке алыстан каттап окуган
окуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, Көк-Таш айылындагы №22 А.Жумабаев
атындагы орто мектепке айылдык аймактын Кулпек-Сай, Кумдак айылдарынан каттап
окуган балдар үчүн 2017-жылдын 16-январынан баштап,Бозумчак, Беделги айылдарынан
каттап окуган окуучулар үчүн 2017-жылдын 2-февралынан баштап, 2017-жылдын 1-март
күнүнө чейин атайын автоунаа менен ташууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү
бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет,
каржы.инвестиция,муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо
маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жакыев |